«Гений» радиоберүү: Мектеп бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөөдө көрсөткөн жыйынтыктары

July 18, 2019, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында 2019-жылы мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн билим сапаты жана аларга түзүлүп жаткан шарттар тууралуу сөз болду.

 

Жалпысынан жалпы республикалык тестирлөөгө 44289 адам катышып, 62 пайызы босого баллдан өттү, бул тууралуу кененирээк радиоберүүнүн катышуучулары КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Төөлөсбек Абылкасымов, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү Чынара Батракеева, СЕКОМ билим берүү өнүгүү борборунун мүдүрү Нышан уулу Зарылбек айтып беришет.