Барскоон жана Сузак айыл аймактарынын жумушчу топтору үч күндүк окутуудан (коучинг) өтүштү

July 15, 2019, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 5-7- июлунда Ысык-Көл облусунун, Кара-Ой айылынын Ак-Бермет эс алуу үйүндө үч күндүк окутуу (коучинг) болуп өттү. Окутуунун максаты – эки пилоттук айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын өнүктүрүү приоритеттерине миграция жана гендердик багытты жумушчу топтор жана эксперттер менен биргеликте киргизүү.


Окутууга Барскоон жана Сузак айыл аймактарынын жумушчу топтору, гендер, миграция маселелери боюнча эксперттер, КР Финансы министрлигинин Бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынан, КР Финансы министрлигинин Жергиликтүү бюджеттер боюнча бөлүмдүн башчысы, КР Экономика министрлигинин Стратегиялык пландоо жана региондорду өнүктүрүү башкармалыгынан эксперттер катышышты.


Үч күндүн ичинде эксперттер тарабынан жумушчу топторго социалдык-экономикалык өнүгүү программаны иштеп чыгуудагы методикалык колдонмо боюнча маалымат, программалардын гендердик теӊчилиги анализделип, сунуштамалар жана түшүндүрмөлөр презентацияда чагылдырылып, программада миграция жаатында милдеттүү түрдө камтыла турган маселелер айтылып, жергиликтүү бюджетти түзүүдөгү жана аны аткаруудагы бюджеттер аралык мамилелер презентация аркылуу жеткирилип берилди.


Өз кезегинде жумушчу топтор эксперттерден алган маалымат менен сунуштамаларды аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизип, эксперттер менен чогуу практикалык иш алып барышты. Окутуунун жыйынтыгында иштелип чыккан программалардын долбоорлорун жеринде дагы карап чыгып кайрадан эксперттердин карамагына жөнөтүү пландалды.


Аталган окутуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан Миграция боюнча эл аралык уюмдун КРдагы Эл аралык өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Кыргызстанда жергиликтүү деӊгээлде миграция жана өнүктүрүү боюнча артыкчылыктарга гендердик мамилени киргизүү” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.