«Ынтымактуу конуштар» долбоор жазуу, аны жактоо боюнча иштешүүдө

July 11, 2019, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда “Жаңы конуштарда социалдык жана гендердик теңчиликти бекемдөө аркылуу ынтымакты чыңдоо” долбоорунун алкагында пилоттук болуп кирген Бишкек шаарынын 10 жаңы конуштун жаш лидерлери, коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары, адистери менен бирге долбоор жазуу аны жактоо боюнча коучинг жолугушуу өттү.


Пилоттук МАБ башчылары, өкүлдөрү, жаш лидерлер, ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү өз конуштарында аныкталган көйгөйлөрүн чечүү максатында долбоор жазуу, долбоордук сунуштарды иштеп чыгуунун үстүндө бир күн бою алектеништи. Мисалы Ак-Бата, Ак-Ордо, Жеңиш конуштарынын өкүлдөрү балдарды өнүктүрүү борборун ачуу жөнүндө долбоорду иштеп чыкса, Рухий-Мурас жаңы конушу футбол аянтчасын оңдоп түзөөнү негизги маселе кылышууда. Эне-Сай, Көлмө конуштары воркаут аянтча, Бакай-Атада тренажердук зал, Калыс-Ордодо бассейн куруу, Мурас-Ордодо көчөлөрдү жарыктандыруу, Ак-Тилекте футбол аянтча салуу боюнча долбоорлордун үстүндө иштеп жатышат.


Жаңы конуштардын активисттери үчүн жакынкы арада донорлор менен кездешүү уюштурулуп, ал жакта өз долбоорун сунуштап, жактап, гранттык каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.


Бул коучинг "Ынтымактуу конуштар" долборуунун алкагында БУУнун Калкты Жайгаштыруу Фонду жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан өткөрүлдү.

 

"Ынтымактуу конуштар" долбоору БУУнун уч агенттиги: Калкты Жайгаштыруу Фонду (ЮНФПА), Балдар Фонду (ЮНИСЕФ), Баңгизат жана ылмыштуулукка каршы Башкармалыгы (УНП ООН), ондогон бейөкмөт уюмдар жана Бишкек шаарынын мэриясы менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жатат.