Конкурс жарыяланат

July 9, 2019, 06:00

КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ


 Эко-Арт-Лагерь


Кара-Кужур өрөөнү, Кочкор р/ну, Нарын обл


19-28- июль 2019-ж



Катышуучуларды кантип тандап алабыз?


Айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышка аяр мамиле кылуу жана ак илбирсти сактоо темасындагы макал-лакаптын негизинде сүрөт тартып жана ага аннотация жазып, аны: “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун электрондук дарегине 15.07.19 саат 17.00 чейин жибериниздер office@roza.kg


Лагерь 12-15 жаш курактагы, жыйырма жаш улан кыздарды кабыл алат. 2019-жылдын 19-июлунда башталып, 28-июлунда аяктайт.


Катышуучулар кино, актердук чеберчилик, живописти, видео аннимация, арт графика, дизайн үйрөнүү аркылуу экология тууралуу түшүнүк алышат жана бул боюнча өз ойлорун айтууну үйрөнүшөт. Албетте ИКТ колдонуу менен! Кыздар жана балдар аталган жанрлар боюнча командаларга бөлүнүп алып иштешет.


Окутуучулар:

АЙБЕК ДАЙЫРБЕКОВ-“Дарак ыры”тасмасынын режиссору,

ТОЛКУН ДАЙЫРБЕКОВА- белгилүү продюсер,

ЗАМИР ИЛИПОВ- белигилүү сүрөтчү,

КУНДУЗ ЖУСУПБЕКОВА- Манас тануу боюнча белгилүү адис,

МАКСАТ ОМОРОВ- Эркин күрөш боюнча спорт чебери,

ЧУНГУЛОВ ЖОЛДОШ -Гид экскурсовод, улуттук спорт оюндары боюнча мугалим.


Катышуучулар Ананьеводогу “Ак илбирс” коругуна барып, илбирстерди өз көздөрү менен көрүп келишет.


Ошондой эле аларды ынтымакка бириктирген чогуу оюндар, флешмобдор уюштурулат, ар кандай темаларда талкуулар болот, атактуу эксперттердин лекциялары окулат жана кино көрсөтүлөт.


NABU- Германиядагы жаратылышты коргоо тармагындагы негизги ири өкмөттүк эмес уюм, немец тилинен которгондо Германиянын жаратылышты коргоо Союзу (Der Naturschutzbund Deutschland e. V. NABU).


Акысы: 3000 сом. (транспорт, тамак-аш жана канцтоварлар ) Орун чектелүү.


Сөзсүз түрдө жылуу кийимдерди: кышкы баш кийим, куртка жана алмаштырып кийгенге бут кийим ала келиш керек.(Кара-Кужур өрөөнүнүн климаттык шарты жөнүндө кошумча маалымат караңыз)