«Ынтымактуу конуштар» долбоорунун катышуучулары стратегиялык план түзгөндү жана долбоор жазып жактаганды мыкты өздөштүрдү

July 9, 2019, 06:00

4-7-июлдарда Ысык-Көлдө «Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө» долбооруна кирген Бишкектин 10 жаңы конушунун активдүү катышуучуларына “Долбоордун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча стратегиялык пландоо” аттуу темада тренинг өтүлдү.


Окутууга Ак-Ордо, Ак-Тилек, Ак-Бата, Бакай-Ата, Жеңиш, Калыс-Ордо, Көлмө, Мурас-Ордо, Рухий-Мурас, Эне-Сай конушунун жаш лидерлери жана коомдук ден соолук комитетинин мүчөлөрү катышты.


Тренингдин программасына ылайык позитивдүү ой жүгүртүү, стратегиялык пландоо, идеяларды ойлоп таап, аны донорлордун алдында презентациялоо, натыйжалуу презентациялоонун принциптери жана кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууда алдыга койгон кадамдардын, иш-аракеттердин пландары жөнүндө билимин жогорулатышты. Андан сырткары топторго бөлүнүп тынчтык, ынтымак, достук, биримдик темаларында театрдаштырылган оюндарды коюп, командалык оюндарды ойношуп, “Ынтымактуу конуштар” сергек жашоо үчүн деген лозунгдун алдында таң эртеңден зарядка жана флеш мобдорду уюштуруп турушту.


БУУ Калкты жайгаштыруу фондусунун “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун менеджери Санжар Алимжанов сөз сүйлөп, конуштун активдүү тургундары болбосо, бул долбоор да болбостугун белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду: - Сиздер менен бирге бир жыл мурда жакшы долбоорду баштаганбыз, эми аяктап жатабыз. Ар бир конушта ар кандай жакшы өзгөрүүлөр, алдыга карай кадамдар болду. Сиздердин аракетиңерден улам долбоордун таасирдүүлүгү, натыйжалуулугу болуп жатат. Биз, экс-Президент Роза Исаковна Отунбаева баш болуп, колубуздан келген жардамды бердик, эми ушуну менен токтоп калбагыла, анткени коомдогу өзгөрүүлөрдү сиздер, активдүү жаштар, эжекелер, агайлар кыласыздар. Эртең тренингден кийин деле үйгө барып жатып алсак болот. Бирок анда, позитивдүү өзгөрүүлөрдү ким кылат? Силердей жаштар, агай- эжейлар бар болгондуктан, конуштарда сөзсүз ийгиликтүү өзгөрүүлөр болот.


“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургул Кендирбаева өткөрүлүп жаткан шыктандыруучулук, багыт берүүчүлүк тренинг өз максатына сөзсүз жетиш керектигин баса белгилеп, конуштун жаш лидерлерин, активисттерин өзүн өзү өстүрүүгө, колдоого, баалоого жана көтөрүлүүгө кадамдарды талыкпастан таштоого чакырды.


“Силер ынтымакты, тынчтыкты алып жүрүүчүсүңөр. Жолдо кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болот. Бул дүйнөдө адам эч нерсеси менен айырмаланбайт. Бар болгону акылын, билимин, билгичтигин турмушта ашыра билгендиги, көндөмдөрү менен гана айырмаланат. Жаңы конуштун маселесин Ысык-Көлдөн, же башка жактан келип бирөө чечип бербейт. Силер жашайсыңар, силердин тагдырыңар, тамырыңар. Ошол жерди гүлдөтөм, менин балам менден дагы жакшы шартта жашасын десеңер, тырмагыңар жооругуча иштешиңер керек. Бул билим кайра келе бербейт, билим алган өтө оор, акчаны кредитке алып джип сатып алсаңар болот, бирок акыл сатып алуу мүмкүн эмес. Акыл менен эмгектенүү өтө оор. Жүрүш турушуңар, мамилеңер менен үлгү болсоңор, силер ошондо гана тынчтык орното аласыңар!” – деди Д.Кендирбаева.


Айта кетсек, окутуу “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан өткөрүлдү.