Турак-жай конуштарынын жаштар лидерлери БШКнын туруктуу комиссиясынын жыйналышына катышты

June 16, 2019, 06:00

Ак-Ордо, Ак-Бата, Ак-Тилек, Эне-Сай, Рухий-Мурас жана Бугу-Эне Багыш турак-жай конуштарынын жаштар лидерлери депутаттар 2020-2022-жылдарга Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программасын карап жаткан Бишкек шаардык Кеңешинин бюджеттик комиссиясынын жыйналышына катышты, жаштар топтору турак-жай конуштарындагы өз көйгөйлөрүн айтты.

 

Комиссиянын жыйналышына Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров, БШКнын депутаты, бюджеттик маселелер боюнча комиссиянын төрагасы Наталья Кулматова, БШКнын депутаттары Увазарбек Адылбеков, Сурапбаев Таалайбек, Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги Ренат Айтымбетов, Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин орун басары Александр Воротников, Ак-Ордо, Ак-Бата, Ак-Тилек, Бугу-Эне Багыш, Эне-Сай жана Рухий-Мурас турак-жай конуштарынын жаштар лидерлери жана кварталдык комитеттеринин төрагалары катышты.

 

Жыйналыштын башталышында «Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» долбоорунун координатору Сагипа Джусаева катышуучуларга жаштар демилгелери жөнүндө маалымдады, алар өткөн жылдын ноябрында бирден өзөктүү маселени көтөргөн жана адвокациялык иш-чараларды жүргүзгөн.

 

Мисалга алсак, Ак-Ордо турак-жай конушунун жаштары трансформаторлорду орнотуу маселесин көтөргөн. Бул турак-жай конушунун кварталдык комитетинин төрагасы Улан Рыскулов айткандай, трансформаторлорду орнотуу боюнча тендерлер өткөн, бирок процессти тездетүү керек.

 

Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин орун басары Александр Воротников 2019-жылдын июлунун аягына чейин трансформаторлор орнотулат, бардык электр тармактары жана подстанциялар ишке киргизилет деп жооп берди.

 

Бугу-Эне Багыш турак-жай конушунун жаштар лидерлери Эсенбек кызы Айзат менен Адилет Турусбеков айткандай, 13 жылдан бери тургундар электр энергиясы жок жашап жатат.

 

БШКнын депутаты Увазарбек Адылбеков эмне үчүн акимдер кайрылбайт, финансылоону сурабайт жана жогоруда айтылган көйгөйлөрдү чечпей жатат деп нааразычылыгын билдирди.

 

«Бизде акимдердин ордуна жаштар кыймылы иштейби? Акимдер менен жаштар лидерлери бирге болууга тийиш. Кийинки комиссияга акимдерди чакырабыз», - деп айтты депутат У. Адылбеков.

 

Бугу-Эне Багыштын маселеси боюнча комиссиянын кийинки жыйналышына Биринчи Май районунун акими турак-жай конушун өнүктүрүү планы менен чакырылат. Ал жерде жаштар акимден конкреттүү жоопторду угат.

 

Рухий-Мурас жана Ак-Тилек турак-жай конуштарынын жаштарынын эски ФАПтын имаратында ден соолукту чыңдоочу-билим берүүчү борборду ачуу жөнүндө демилгеси боюнча депутаттар көйгөйдү чечүүнүн бир нече варианттарын сунуш кылды. Рухий-Мурас турак-жай конушуна келсек, биринчиси, тургундар жөнүндө бардык маалымдамалар менен мэрге кайрылуу жасоо, экинчиси, Муниципалдык мүлк башкармалыгына жайды муниципалдык башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө тапшырма берүү жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдарды бюджетке киргизүү сунуш кылынды. Ак-Тилек турак-жай конушу боюнча БШКнын депутаты Увазарбек Адылбеков балдар бакчасын курууну баштоо жана натыйжа боюнча бюджет жана финансы боюнча комиссиянын төрагасы Наталья Кулматовага баяндоо керек деп белгиледи.

 

«Азыр мектепке чейинки курактагы балдардын саны 250дөн көп. ОГУКСке УЗР менен бирдикте долбоордук табыштаманы иштеп чыгууну, Ак-Тилек турак-жай конушунда балдар бакчасын курууга жер участогун табуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырабыз. Эгерде силерге жер участогун таба албаса, анда биз бирге барабыз да, участокторду карайбыз», - деп айтты У. Адылбеков.

 

БШКнын кийинки жыйналышына Свердлов районунун акимин чакыруу чечими кабыл алынды.

 

Ак-Бата жана Эне-Сай турак-жай конуштарынын жер маселелери боюнча, БШКнын комиссиясы териштирүү өтүнүчү менен мэрге, вице-мэрге жана УЗРдин начальнигине жазуу жүзүндө кат жөнөтөт жана контролдо кармайт.

 

Ошондой эле жаштар лидерлери райондордун акимдери менен бирге БШКнын комиссиясынын кийинки жыйналышына чакырылат.

 

Пилоттук турак-жай конуштарынын өкүлдөрү элдин өкүлдөрүнө өз шайлоочуларына ыкчам мамиле кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.