Экс-президент Роза Отунбаева Лондон шаарында «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» деген иш-чараларга катышып жатат

June 18, 2019, 06:00

Экс-президент Роза Отунбаева Лондон шаарында «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» деген иш-чараларга катышып жатат

 

БИШКЕК, 2019-жылдын 18-июну

 

Тынчтыкты жаратуу жагындагы «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» деген уюм Лондон шаарында (Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугу) ушул жумада Кыргызстандын экс-президенти Роза Исаковна Отунбаеванын катышуусу менен эки маанилүү иш-чараны өткөрүп жатат.

 

Белгилей кетели, «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» – тынчтыкты жаратуу маселелери боюнча дүйнөдөгү ири уюм, ал өз ишин Кыргызстанда 2012-жылдан бери жүргүзүп жатат.

 

Мунун алдында, 17-июнда, тынчтыкты жаратуу жагынан Бириккен Королдуктун Өкмөтү менен өнөктөштүктүн 20 жылдыгына арналган Жалпы Кызыкчылыктардын Сыйлыгын тапшыруунун ар жылдагы аземи болуп өттү. Мамлекеттик, дипломатиялык, ишкер жана маданий чөйрөлөрдү билдирген жүздөн ашык лидер иш-чарага катышуу үчүн Улуу Британиянын Парламентинин Лорддор палатасына чогулат. Жалпы Кызыкчылыктардын Сыйлыгы жаңжалдарды чечүү, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана тынчтыкты жаратуу жагынан көрүнүктүү жетишкендиктерге ызаат көрсөтүү иретинде жыл сайын тапшырылат.

 

Эске сала кетсек, Роза Отунбаева 2018-жылдагы Жалпы Кызыкчылыктардын Сыйлыгынын ээси болуп саналат. Быйылкы жылдагы сыйлыкты ал Шри-Ланканын экс-президенти Чандрика Бандаранаике Кумаратунгага анын көз карашы, батылдыгы жана тынчтык менен жарашуу процесстерин көп жылдардан бери жактап келгендиги үчүн тапшырат.

 

2019-жылдын 18-июнунда мастер-класс өтөт, ал жерде лидерлер кыйын мезгилдерде өз өлкөлөрүндөгү кырдаалды калыбына келтирүү жана стабилдештирүү аракетинде кабыл алган татаал чечимдерин талкуулайт. Ошондой эле мастер-класстын катышуучулары өздөрү кабылган оорчулуктар менен бөлүшөт жана алар алгачкы жана азырынча жападан жалгыз лидер аял болуу менен ошол кыйынчылыктарды кантип жеңгени жөнүндө айтып берет.