Экс-Президент Р.И.Отунбаева БУУнун Баланын укугу боюнча конвенциясы кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналган Улуттук форумга катышты

June 26, 2019, 06:00

Кечээ, 25-июнда, БУУнун Баланын укугу боюнча конвенциясы кабыл алынышынын 30 жылдыгына жана КР бул конвенцияга кошулушунун 25 жылдыгына арналган Улуттук форум болуп өттү.

 

Иш-чарага Президент Сооронбай Жээнбеков, БУУнун Баланын укугу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Рената Винтер, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, ЕСтин Кыргызстандагы Элчиси Эдуард Ауэр, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо, мамлекеттик органдардын жетекчилери, дипломатиялык корпустун, жергиликтүү бийликтердин, НПОлордун жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

 

Форумда өлкөдө балдардын укуктарын камсыз кылуу жана коргоо боюнча актуалдуу темалар жана өбөлгөлөр талкууланды. Роза Исаковна Отунбаева чогулгандардын алдында «Адамдык потенциалды өнүктүрүүгө салым» деген баяндама менен сөз сүйлөдү.

 

Форум аяктагандан кийин жыйынтык Резолюция кабыл алынды.