Ретриттин жүрүшүндө «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын миссиясы аныкталды

June 30, 2019, 06:00

21-июндан 24-июнга чейин Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде КР экс-президенти, фонддун негиздөөчүсү Роза Отунбаеванын катышуусу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун кызматкерлери үчүн ретрит өттү.

 

Фонддун командасы уюштуруучулук жана инсандык өнүгүү призмасы аркылуу өз ишин кайра жүктөөнү жана кайрадан аңдап-түшүнүүнү жүргүзүү максатында ретрит уюштурду. Иш-чара төмөнкүдөй багыттар боюнча жүргүзүлдү:

 

• Өзүн аңдап-түшүнүү, турмуштагы өзүнүн максатын кайрадан ойлонуу техникаларын колдонуу аркылуу фонддун командасынын мүчөлөрүнүн инсандык өсүшүнө көмөктөшүү;

• Өнүктүрүү боюнча глобалдык жана улуттук милдеттенмелерди (2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү максаттарынын күн тартиби) ишке ашырууда фонддун ролун күчөтүү;

• Пландаштыруу системасын жакшыртуу, кийинки фандрэйзинг үчүн долбоордук идеяларды иштеп чыгуу үчүн «натыйжага багытталган башкаруунун» өбөлгөлөрүн колдонууда фонддун командасынын мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатуу.

 

Алсак, ретрит аяктагандан кийин фонддун программалык ишинин артыкчылыктуу багыттары аныкталды жана такталды, кийинки фандрэйзинг үчүн долбоордук идеялар иштелип чыкты. Мындан тышкары, уюмдун ишинде команданын ар бир мүчөсүнүн ролу жана салымы кайра ойлонулду жана такталды.

 

Иш-чаранын катышуучусу, «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун координатору Арстан Сагынтай уулу сыртка баруунун жыйынтыктары жагынан өз пикирин бөлүштү.

 

«Иш-чара психологиялык жактан өзүн жакшыраак билүүгө жардам берди, биз өзүбүздүн мээбиз кандай иштээри жана терс факторлордон кантип арылуу керектиги жана позитивдүү ойлонуу жөнүндө көбүрөөк маалымат алдык. Кесиптик жактан ретрит учурунда мен Output, Outcome, Input дегендер эмне экендиги жөнүндө көп маалымат алдым. Эми мен аларды жакшы квалификациялай алам. Өзүнүн талантын ачуу да ар бир кызматкер үчүн өтө маанилүү болду, бул аны өз ишинде колдонуу үчүн зарыл», -деп белгиледи А.Сагынтай уулу.