Кыргызстанда активист-мигранттар үчүн жайкы үйрөтүү лагери өттү

July 4, 2019, 06:00

2019-жылдын 27-июнунда USAIDдин "Адамдын укугу жана кадыр-баркы" долбоорунун алкагында мигранттар үчүн үч күндүк жайкы үйрөтүү лагери аяктады. Лагердин ишине он төрт мигрант болгон, коомдук лидер болууга жана коомдун өнүгүшүнө салым кошууга даяр болгон коомдук-активдүү жарандар катышты. Алардын ичинен он эркек жана төрт айым Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облусунан келишти.

 

Үч күндүн ичинде лагердин катышуучулары өз укугун ишке ашыруудагы ыктыярдуулук, адамдын укуктарын алдыга жылдыруу, мамлекет жана шайлоонун түзүлүшү боюнча маалымдуулугун жогорулатышты, мигранттардын кызыкчылыктарын коргоодогу жана маселелерин чечүүдөгү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен бирдиктүү ишмердүүлүк тажрыйбалары менен жеринде таанышышты, ошону менен бирге өз коомдорунда маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон көндүмдөргө ээ болушту.

 

Сессиялардын жүрүшү видеотасма көрсөтүү, командалык оюндарды ойноо, рефлексия боюнча көнүгүүлөрдү өткөрүү, арт-терапия жана башка иш-чаралар менен ар бир катышуучунун командалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү максатында коштолду. Ошондой эле катышуучулардын назарына “Дарак ыры” көркөм тасмасы коюлуп берилди. Катышуучулардын айтымында коюлган тасма лагерде өтүлгөн темаларга дал келип, дем берип, абдан чоң таасир калтырды.

 

Эске сала кетсек аталган лагер 2019-жылдын 24-июнунан тартып 28-июнга чейин, Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Тосор айылындагы "Ак-Чий" эс алуу аймагында орун алды. Экинчи лагер 8-июлунан тартып 12-июлга чейин, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма айылында өтөт.

 

Лагерлер Эл аралык миграция боюнча уюму (МЭАУ)/БУУнун миграция боюнча агенттигинин колдоосу менен "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду тарабынан жана Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун өкүлчүлүгү (IFES) менен биргеликте АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен уюштурулган.