Ак-Ордо конушунун балдарына спорттук оюн аянтчасы салынды

June 28, 2019, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 28-июнунда Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда конуштун жаштарынын демилгеси менен балдар үчүн спорттук жана оюн аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү.


Бул жаштардын демилгеси 2018-жылдын май айынан тарта Бишкектин 10 жаңы конушунда Бириккен Улуттар Уюмунун үч агенттиги: ЮНФПА/ЮНИСЕФ/УНП жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду менен биргелешкен «Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө» долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Ак-Ордо, Ак-Тилек, Ак-Бата, Бакай-Ата, Жеңиш, Калыс-Ордо, Көлмө, Мурас-Ордо, Рухий-Мурас жана Эне-Сай конуштарынын жаштары конуштарга социалдык объектилерди салуу боюнча долбоор жазышып, ал колдоого алынган.


Ак-Ордо конушунун жаштары балдар үчүн спорттук жана оюн аянтча зарыл экендигин белгилешкен. Анткени конуштагы 14500 жашоочунун 2 миңге жакыны жаш балдар. Алар үчүн тилекке каршы бала бакча, балдарды өнүктүрүүчү борборлор, эс алуучу, спорттук жайлар, парктар, ата-энелер үчүн балдары менен убактысын өткөргөнгө ыңгайлуу аянтча жок болчу.


Спорттук оюн аянтчанын ачылышы кызыл лента кесүү менен башталып, конуштун тургундары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды. “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ тарабынан “Ынтымактуу конуштар” долбооруна активдүү катышкандыгы үчүн бир катар жаш лидерлер ыраазычылык каттар менен сыйланышты.


Бириккен улуттар уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун КР аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков конуштун тургундарын куттуктап, буларга токтолду: - Азыр долбоордун жыйынтыктарына күбө болуп жатабыз, жаңы конуштарда оюн, спорт, воркаут аянтчалар жаш тургундардын демилгелери менен ачылып жатат. “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун максаты - Бишкектин жаңы конуштарында тынчтыкты орнотуу, биримдикти күчөтүү. Кыргызстанда ар дайым тынчтык болуп, өнүгүп өсүүнүн үстүндө бололу.


Жаш лидер Седеп Ашырбекова бүгүн конуштун балдары менен бирге кубанычында чек жок болуп жатканын, келечекте жаштар үчүн дагы долбоорлор келсе ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.


Жаш лидерлердин бири Бактыгүл Насирдинова кичинекей кезиндеги кыялы азыр орундалып жатканына аябай кубанып, буларга токтолду: - Кичинекей эгиз бөбөктөрүмдү мындан он жыл мурун ушул аянтчага ойнотууга алып келчүмүн. Анда бул жерде болгону бир селкинчек бар болчу. Ошондо эмне үчүн бул жерде балдарга ойноого шарт жок деп көп ойлончумун. Мына бүгүн жаркыраган аянтчаны көрүп, кичинекей кезимдеги кыялым орундалып жатат. Ал тургай, ошол кыялымды өзүм ишке ашырууга демилгечилердин бири болгонума өзүм бир жагынан сүйүнсөм, бир жагынан абдан таң калып турам, айтоор бактыма бүгүн чек жок! Бизди колдогон ЮНФПАга, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондуна терең ыраазычылык билдирем!” .


Иш-чарага конуштун тургундары, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Майрам Мамбетова, БУУ Калкты жайгаштыруу фондунун аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков, Муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү, Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Даулет Досалиев, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү, 10 пилоттук конуштун Коомдук ден соолук комитеттеринин өкүлдөрү, жаш лидерлери катышты.