Көлмө конушунда балдар үчүн оюн аянтчасы ачылды

June 28, 2019, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда Бишкек шаарынын Көлмө жаңы конушунда конуштун жаштарынын демилгеси менен балдар үчүн оюн аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү.


Бул жаштардын демилгеси 2018-жылдын май айынан тарта Бишкектин 10 жаңы конушунда Бириккен Улуттар Уюмунун үч агенттиги: ЮНФПА/ЮНИСЕФ/УНП жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду менен биргелешкен «Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө» долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Ак-Ордо, Ак-Тилек, Ак-Бата, Бакай-Ата, Жеңиш, Калыс-Ордо, Көлмө, Мурас-Ордо, Рухий-Мурас жана Эне-Сай конуштарынын жаштары конуштарга социалдык объектилерди салуу боюнча долбоор жазышып, ал колдоого алынган.


Көлмө конушунун жаштары балдар үчүн оюн аянтчасы керектигин белгилешип, биринчилерден болуп колго алышкан. Анткени конушта эс алуучу, спорттук жайлар, парктар, ата-энелер үчүн балдары менен убактысын өткөргөнгө ыңгайлуу аянтча жок болчу.


Конуштун тургундарына 30 жылдык юбилейин майрамдоонун алдында жаңы аянтча белек болду.


Иш-чара келген коноктордун каалоо-тилектери менен башталды. “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ тарабынан “Ынтымактуу конуштар” долбооруна активдүү катышкандыгы үчүн бир катар жаш лидерлер ыраазычылык каттар менен сыйланышты. “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун координатор-мобилизатору Чынара Абдраимакунова жаш лидерлерге мындан ары да конуштун жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошот деген ишеничти айтты. Ошондой эле №14 муниципалдык администрациянын Ардак грамоталары менен конуштун өнүгүшүнө жана социалдык абалын жакшыртууга кошкон зор салымы үчүн фонддун жана ЮНФПАнын бир катар өкүлдөрү сыйланышты.


Жаш лидерлердин бири Айбек Тургуналиев бул долбоорду ишке ашыргандан кийин дагы көптөгөн ойлор пайда болуп, алдыга койгон максаттарына жетүү үчүн долбоордун алкагында алган билимдерин жумшаарын айтты.


Бүгүнкү салтанаттуу ачылышты конуштун жаштары уюштуруп, келген конокторго чакан концерттик программа туртуулашып, бөбөктөргө оюндарды уюштуруп, “Менин сүйүктүү конушум” аттуу балдар арасындагы сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлашып, балдардын баардыгына балмуздактарды таратышты.

 

Иш-чарага конуштун тургундары, Муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү, Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков, Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Даулет Досалиев, “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун менеджери Санжар Алимжанов, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү, 10 пилоттук конуштун Коомдук ден соолук комитеттеринин өкүлдөрү, жаш лидерлери катышты.