Бюджетти пландаштыруу жана иштеп чыгуу өбөлгөлөрү жана методдору боюнча Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) депутаттары үчүн семинар

June 11, 2019, 06:00

Бишкекте 30-майда ЮНФПА/ЮНИСЕФ/БУУ УНПнын жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Турак-жай конуштарында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» деген биргелешкен долбоорунун алкагында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын, Муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ) жетекчилеринин катышуусу менен Бюджетти пландаштыруу жана иштеп чыгуу өбөлгөлөрү жана методдору боюнча семинар өттү.

 

Семинарга БШКнын спикери Жаныбек Абиров, «КСДП», «Өнүгүү-Прогресс”, «Мекеним Кыргызстан», «Республика-Ата Журт» жана «Кыргызстан» фракцияларынан БШКнын депутаттары, 10 пилоттук турак-жай конушунун МАБынын жетекчилери жана адистери катышты.

 

Программа боюнча семинардын катышуучулары үчүн тренингдин максаттары жана милдеттери сунуш кылынды. Биринчи сессияда катышуучулар учурдагы ченемдик укуктук базага ылайык бюджетти иштеп чыгуу технологиясы менен таанышты. Экинчи сессияда мамлекеттик, тармактык программаларды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлине проекциялоо өбөлгөлөрү (НПД-2020 жана башка программалар менен пландар) каралды. Үчүнчү сессияда бюджеттер аралык мамилелер жана кирешелерди республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү системасы боюнча маселелер талкууланды. «Жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү» деген бешинчи сессиянын учурунда депутаттардын, аткаруу органдарынын жана шаардын активдүү тургундарынын ортосунда өз ара мамилелерди түзүү маселелери талкууланды. Атап айтканда, депутаттар өткөн жылдын ноябрындагы демилгелердин эвдокасисинин учурунда көтөрүлгөн маселелерди чечүүнүн статусун талкуулоо үчүн жаштар лидерлери менен өзүнчө жолугушууну уюштуруу сунушун көтөрүп чыгышты. Бул жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүн чакыруу пландаштырылууда.

 

№16 МАБдын начальниги Талант Мусуркулов семинар пайдалуу болду, өзгөчө жергиликтүү бюджеттин маселелери боюнча пайдалуу болду деп белгиледи. «Бюджетти пландаштыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын берүү боюнча маселелер мындан ары да шаардык Кеңеш тарабынан каралат деп ойлойм. МАБдарга депутат менен тикелей иштөө ыңгайлуу жана натыйжалуу болор эле», - дейт Т. Мусуркулов.

 

«КСДП» фракциясынан БШКнын депутаты Адиса Имангазиева ушундай семинар дал азыр керек болду, анткени БШКнын депутаттары азыркы учурда бюджетти кароо маселелери боюнча иштеп жатат деп белгиледи. «Процесстерди жана мыйзамдарды кең-кесири түшүндүрүү жасалып жаткан ушундай семинарлардын учурунда көбүрөөк маалыматты өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү бар, ал бюджетти бекитүү учурунда иште керек болот. Бүгүнкү семинар абдан оптималдуу жана пайдалуу болду», - деп айтты А.Имангазиева.

 

Катышуучулар үзүрлүү семинар үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.