Жайлоо өнүгүү борборлорунун күндөлүгү: Кечээ кол өнөрчүлүк күнү болсо, бүгүн сүрөт сабагы

June 24, 2019, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоорунун алкагында быйыл 2019-жылы 100дөн ашык ЖӨБ ачылууда.


Алыскы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу, Казыбек айылындагы Арпа жайлоосуна “Жеткинчек” ЖӨБ 1-июньда кар жаагандыгына карабастан, көчүп барышып, жайланышып, ишин башташты. Жетекчиси Гүлайым Молдакунова буларга токтолду: 25ден ашык бала тарбияланууда, кар жааганда балдар келбей калды, анткени боз үйлөр бири-биринен алыс жайгашкан. Күн жылып, кар ээригенден кийин балдар кайрадан келип, үч жарым сааттай билим алып кетишүүдө. Көпкө чейин кеткилери келбей жүрүп калган учурлар болот, анда балдарга тамак берилет. Бизге “Торугарт” чек ара кайтаруучу аскердик бөлүм жакын жайгашкан, ата-энелери балдарын өздөрү жеткирип келишүүдө.


Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Чаткал айыл аймагында “Бала Нур” жайлоо өнүгүү борбору 13-июнда өз ишин баштап, балдарды кабыл ала баштаган. Балдарга кыргыз, орус, англис тилдеринен сабактар өтүлөт, кол өнөрчүлүк жана сүрөт күндөрү да болот.


Алай районундагы “Бактылуу балалык” ЖӨБ ачылышына Жайыт комитетинин төрайымы Акан Жунусмаматова өзү боз үйлөрдү жеткирип, ачылышына катышты.


Жумгал районунун Сандык жайлоосунда “Азамат алтын балалык” ЖӨБ өз ишин баштап, учурда 22 бала тарбияланууда.


Кара-Кулжа районундагы “Кара-Булак” ЖӨБ ата-энелерге жана балдарга коопсуздук эрежелерин тааныштыруу менен ишин баштады.


Жети-Өгүз районуна караштуу Көк-Жайык жайлоосунда “Арча” ЖӨБ пландаган күнүнөн эрте ачылды. Анткени ЖӨБ барчу балдардын саны арбын болуп, балдар чыдамсыздык менен күтүшкөн. Жетекчиси Роза Жумадилова “Эмгегим элиме, аракетим айылыма, кылган кызматым келечекке” деген максатты коюп иштеп келет.