Жайлоолордо «Жайлоо өнүгүү борборлору» ачылууда

June 17, 2019, 06:00

Кыргызстандын тоолуу райондорунда “Жайлоо өнүгүү борборлору” өз иштерин баштады.


“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан демилгеленген, Кыргызстандын жети дубанынын тоолуу райондорунда 100дөн ашык, балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган “Жайлоо өнүгүү борборлору” өз ишин баштоодо.


Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Үкөк жайлоосундагы “Ата-бала” жайлоо өнүгүү борборунун ачылышына райондук администрациясынын башчысы, аким, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, ата-энелер катышты.


“Учурда 28 бала тарбияланууда, аларга ар кандай мастер класстар өтүлүүдө. Билим берүү башкармалыгы тарабынан балдарга көптөгөн китептер берилди. Айыл өкмөтү балдардын жана тарбиячылардын тамак-аш маселесин чечип бермей болду”, - деп билдирди райондук билим берүү бөлүмүнүн бала бакчалар боюнча адиси, Чынара Табылдиева.


Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов “Балдарга китеп окуйбуз” акциясын колдоп, балдарга жомок окуп берди.


Жайлоого чыгып, жайланышып жаткан уюштуруучулар жайлоодогу балдар, ата-эне өнүгүү борборунун уюштуруучулары, өнөктөштөрү, жайлоо өнүгүү борборун балдар, ата-энелер абдан күтүп жаткандарын белгилөө менен, боз үйлөрүн тигип бүтө электе эле балдар чогулуп жардам беришип, кубанычтары койнуна батпай жаткандарын белгилешүүдө.


Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кайнама жайлоосундагы “Нур үлгү” ЖӨБ ачылышына шаардан жайлоого эс алууга келген балдар да кошулуп, ата-энелер тарабынан жомок коюлуп өзгөчө шаң менен ачылды.


Мастер-класстарды элден чыккан кол өнөрчүлөр өтүүдө, алардын бири Көтөрмө айылынын тургуну Бактыгул Эралиева өзүнүн каалоо, кызыгуусу менен ЖӨБ жардам көрсөтүп, балдар-кыздарга тогуз коргоол, кол өнөрчүлүк боюнча мастер класстарды өтүүдө.


Ал тургай, өнөкөштөштөрдүн бири төмөндөгүдөй ыр саптарын чыгарышкан:


Жайлоонун көркүн карачы,

Бооруна тартты балдарды.

Айран ичип, каймак жеп,

Ичеги, боору тазарды.

Баарынан жакшы болгону,

Ачылып “Жайлоо борбору”.

Мээнеткеч ата-эненин,

Узарды бут колдору.

Тарбия-таалим алышат,

Эртелеп сабат ачышат.

Эжейи менен кечке ойноп,

Күн батып үйгө кайтышат.


Төмөндө жайлоолордо ачылып иштеп баштаган “Жайлоо өнүгүү борборлору” жөнүндө маалымат:



Облус, район



Жайлоо, ЖӨБ


Ачылган күнү

Ат-Башы району 

Арпа жайлоосу, “Казыбек-Жеткинчек” ЖӨБ

1-июнь


Нарын облусу,  Ат-Башы району

Кара-Булак жайлоосу, “Кембил булагы” ЖӨБ

3-июнь


Кара-Кулжа району, 1-май айылы

Ак-Таш жайлоосу, “Сейил” ЖӨБ

3-июнь


Кара-Кулжа району

Бөрүкөрбөс жайлоосу, “Кызыл-Булак”  ЖӨБ

5-июнь


Кочкор району 

 

“Ата-Бала” ЖӨБ

7-июнь


Нарын облусу, Нарын району

Р.Өмүракунова атындагы ЖӨБ

8-июнь


Нарын району

“Эмгекчил келечеги” ЖӨБ

8-июнь


Нарын облусу, Ат-Башы раойну

Арпа Кереге саз жайлоосу

10-июнь


Нарын району, Эмгекчил айылы

Кара-Бүк жайлоосу, “Эмгекчил келечеги” ЖӨБ

10-июнь


Ат-Башы району,  Баш-Кайынды айылы

Босого жайлоосу,  “А.Шадыбеков” ЖӨБ

10-июнь

Алай району

“Гүлкайыр” ЖӨБ

7-июнь


Ат-Башы району, Баш-Кайынды айылы

Шалыбеков Аман атындагы ЖӨБ

10-июнь


Ат-Башы району

Талаа-Булак жайлоосу, “Нур Шоола” ЖӨБ

10-июнь


Нарын облусу, Ат-Башый району 

“Сезимтал” ЖӨБ

11-июнь


Нарын облусу, Нарын району

“Үч чат” ЖӨБ

12-июнь


Базар-Коргон району

“Кен-Кол” жайлоо лагери

12-июнь


Кара-Кулжа району, 1-май айылы

“Жулгур” ЖӨБ

12-июнь


Ат-Башы району

Таш-Рабат жайлоосу “Нур-Шоола” ЖӨБ

 

12-июнь

Ат-Башы району

Босого жайлоосу “Баш-Кайынды” ЖӨБ

12-июнь


Чаткал айыл,  аймагындагы Курулуш айылы

“Бала Нур” ЖӨБ

13-июнь  


Ат-Башы району

Ак-Сай жайлоосу, “Тамчы-булак” ЖӨБ

14-июнь


Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району

Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү “Кен-Кол” эки эко лагер ЖӨБ

18-июнь


Нарын облусу, Жумгал району Чоң-Дөбө айылы

“Сандык” ЖӨБ

15-июнь

Ат-Башы району, Ак-Моюн айылы

 

Терек-Саз жайлоосу, “Тамчы-Булак” ЖӨБ

15-июнь

Кочкор району, 

 

“Ата-бала” ЖӨБ

15-июнь

Нарын району ЖӨБ

 

Соң-Көл жайлоосу, “8-март”, “Баластан”

15-июнь

Ош облусу, Кара-Кулжа району

 

Ажике жайлоосу, “Ажике” жана “Күн балдары” ЖӨБ

15-июнь

Нарын облусу,  Ак-Талаа

Соң-Көл жайлоосу, “Бөбөк тай” ЖӨБ

15-июнь

Ат-Башы району, Терек Суу айылы

Муса кызы Бейшегүл ЖӨБ

15-июнь

Ош облусу, Өзгөн району караштуу Кочкор-Ата айылы

“Кочкор-Ата” ЖӨБ

17-июнь

Кадамжай району

“Кут-Ордо” жана “Алыш” ЖӨБ

17-июнь


Нарын облусу, Жерге-Тал айылы

Бала киндик жайлоосу, Р.Өмүракунова атындагы ЖӨБ

17-ииюнь


Кара-Кулжа

“Кара-Булак” ЖӨБ

17-июнь


Ат-Башы району

Балтаалы жайлоосу, “Дисней” ЖӨБ

18-июнь


Кочкор району

“Аруузат” ЖӨБ” 22-июнда,

20-июнь


Жети-Өгүз району

Көк-Жайык жайлоосу, “Арча” ЖӨБ

20-июнь


Ноокат району

“Кара-Кой” ЖӨБ

20-июнь


Кочкор району

“Баластан” ЖӨБ

22-июнь


Кочкор району

“Наристе” ЖӨБ

25-июнь


Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району,

“Баластан” ЖӨБ

1-июль

Алай району, Сары Могол айылы

Бооке жайлоосу, “Гүлбурак” ЖӨБ

1-июль

Токтогул району, Сары-Камыш айыл өкмөтү

“Жан-Балам” жана “Ай-бөбөк” ЖӨБ

1-июль

Манас району

Суусамыр жайлоосу, “Бакыт” ЖӨБ

1-июль


Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району 

Башарин жайлоосу, “Заря” ЖӨБ

5-июль

Ак-Суу району

 

Эки ЖӨБ ачылат.

5-июль