Кыргызстанда активист-мигранттар үчүн жайкы үйрөтүү лагерлери өткөрүлөт

June 11, 2019, 06:00

USAIDдин "Адамдын укугу жана кадыр-баркы" долбоорунун алкагында мигранттар үчүн жайкы үйрөтүү лагерлери өткөрүлөт. Катышуучулар өз коомдорунда маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон, ошондой эле адам укуктарын жана Кыргызстандын эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын жайылтуу үчүн ар түрдүү көндүмдөрдү үйрөнүшөт. Бул иш-чарага мигрант болгон, коомдук лидер болууга жана коомдун өнүгүшүнө салым кошууга даяр болгон 40 коомдук-активдүү жарандар катышат.

 

Лагерлер Эл аралык миграция боюнча уюму (МЭАУ)/БУУнун миграция боюнча агенттигинин колдоосу менен "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду тарабынан жана Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун өкүлчүлүгү (IFES) менен биргеликте АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен уюштурулган.

 

• Биринчи иш-чара 2019-жылдын 24-июнунан тартып 28-июнга чейин, Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Тосор айылындагы "Ак-Чий" эс алуу аймагында өтөт.

• Экинчи иш-чара 8-июлунан тартып 12-июлга чейин, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сары-Булак айылында өтөт.

 

Иш-чаралардын жүрүшүндө катышуучулар ыктыярдуулуктун, коомдук активдүүлүктүн, маалымат кампаниясын уюштуруунун, мамлекеттин түзүлүшүнүн жана шайлоонун негиздерин үйрөнүшөт. Иш-чаралар командалык көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча өзүнчө сессиялар менен коштолот. Катышуучулар "Адамдын укугу жана кадыр-баркы" долбоорунун колдоосу менен келечекте ишке ашыра турган, реалдуу коомдук демилгелерди иштеп чыга алышат .

 

2015-жылдан баштап, Эл аралык миграция боюнча уюму (МЭАУ), АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен "Адамдын укугу жана кадыр-баркы" долбоорун ишке ашырып жатат. Долбоордун алкагында түздөн-түз жардамды 389 адам сатуунун курмандыктары жана 6 миңден ашуун Кыргызстандын жарандары коопсуз миграция боюнча кеңештерди алган.