«Си Цзиньпин мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин презентациясы жана илимий конференция болуп өттү

June 9, 2019, 06:00

2019-жылдын 8-юнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик резиденциясында кыргыз тилинде жарык көргөн «Си Цзиньпин мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин презентациясы жана илимий конференция болуп өттү.


Кытай лидеринин китебине арналган иш чарага Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, ККП БК Пропаганда бөлүмүнүн башчысынын туруктуу орун басары Ван Сяохуэй мырза, КРдагы КЭРдин Толук Ыйгарым Укуктуу элчиси Ду Дэвень айым жана башка расмий өкүлдөр, дипломаттар, окумуштуулар, окутуучулар, коомдук ишмерлер катышышты.


Бул иш чараны Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик советинин Пресс-канцеляриясы КЭРдин чет тилдердеги адабияттарды басуу жана жайылтуу Башкармалыгы, КРдагы КЭРдин элчилиги, КЭРдин чет тилдердеги адабияттар Басмаканасы, ошондой эле «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ менен биргеликте уюштурду. Презентация Кыргыз Республикасына КЭР Төрагасы Си Цзинпиндин мамлекеттик визитинин астында уюштурулду.


КР Президенти С.Ш.Жээнбеков өзүнүн сөзүндө: Бул эмгек – дүйнөдөгү окурмандар үчүн Кытайдын мамлекеттик саясатын тереңирээк түшүнүүгө болгон көпүрө деп баалап, китепти кыргыз тилине которуп, кыргыз окурмандарына жеткирген “Роза Отунбаева демилгеси” фондуна, анын төрайымы, экс-президент Роза Исаковна Отунбаевага чоң ыраазылыгын билдирди.


Р.И.Отунбаева китептин жандуу жана кызыктуу жазылганын, жеӊил окулаарын, кытай лидери ар түрдүу аудиториялардын алдына чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө улуттун беш миң жылдык цивилизациясынан агылып чыккан байыркы уламыштарды, элдик акылмандыкты, курч макалдарды колдоно билгенин белгилеп, китепти окуп кошуна турган гигант мамлекет ал кандай башкарылат, таӊ калаарлык ийгиликтерге кантип жетип жатат ж.б. тууралуу олуттуу маалыматтарды алып, тааный алабыз деди.


Китепти презентациялоо учурунда ККП БК Пропаганда бөлүмүнүн башчысынын туруктуу орун басары Ван Сяохуэй мырза , КРдагы КЭРдин Толук Ыйгарым Укуктуу элчиси Ду Дэвень айым да сөз сүйлөп, аталган китептин эки өлкөнүн өз ара маданий карым-катышындагы маанисин белгилеп өтүштү.


Китепти кыргыз тилине которуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ жана Кытайдын чет тилдер Басмаканасы менен биргеликте даярдалды. Китепти кыргызчага дипломат Б.Каламбекова которду.


Иш чарага келгендерге китеп белекке таратылып берилди.


Презентациядан кийин “Кытай-Кыргызстан мамлекеттик башкаруу жөнүндө” аталышындагы илимий талкуу жыйын өттү. Жыйын учурунда Кытай Элдик Университетинин марксизм Институтунун доценти ЧжанСяомэн, мурдагы КР Тышкы Иштер министри, мурдагы ШОСтун баш катчысы М.С.Иманалиев, КР ЖК депутаты К.К.Иманалиев, Чет тилдер адабияты Басмаканасынын башкы редакторунун орун басары Ху Каймин, Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын төрагасы А.Эркебаев ж.б. белгилүү окумуштуулар, мамлекеттик, коомдук ишмерлер илимий баяндамаларды жасады.


Белгилей кетсек, жогорудагы иш чара башталаар алдында резиденциянын «Бурана» залында чакан чөйрөдө кыргыз-кытай жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Кытай тараптан ККП БК Пропаганда бөлүмүнүн башчысынын туруктуу орун басары Ван Сяохуэй мырза , КРдагы КЭРдин Толук Ыйгарым Укуктуу элчиси Ду Дэвень айым, КЭР Киноматография башкармалыгынын начальнигинин орун басары Мэн Сянлинь мырза, КЭРдин чет тилдердеги адабияттарды басуу жана таратуу Башкармалыгынын директорунун орун басары Гао Аньмин мырза, ал эми Кыргызстан тараптан КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, КР вице-премьер министри А.С.Өмүрбекова, КР Маданият, Маалымат жана Туризм министри А.К.Жаманкулов, КР Жогорку Кенешинин депутаты Садык Шер-Нияз, КР Президентинин басма сөз катчысы Т.Стамалиева катышышты. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кино тармагындагы кызматташууну мындан ары тереӊдетүү боюнча жыйынтыкка келишти. Кыргыз киносунун жумалыгын Кытайда өткөрүү, кытай киносунун жумалыгын Кыргызстанда өткөрүү пландалды.