Күлүйпа Кондучалованы акыркы сапарга узатуу

September 9, 2013, 06:00

Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн болуп, анын сөөгү "Ала-Арча" көрстөнүнө коюлду. Улуу инсан 93 жашка чыгып көз жумду. Аны акыркы сапарга узатууга өлкө башчы, өкмөт жетекчилери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, маданият кызматкерлери, ошондой эле, Кондучалованын эмгегин баалап, урматтап-сыйлаган адамдар келди.


Күлүйпа Кондучалованы акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү Кыргыз драма театрында уюштурулду, аны менен коштошууга көп киши чогулду. Зыйнат жыйынга өлкө башчы Алмазбек Атамбаев, экс-президент Роза Отунбаева, спикер Асылбек Жээнбеков жана өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев да катышты.


Күлүйпа Кондучалова жетинчи сентябрда 93 жашында кайтыш болду.


Коштошууда Кондучалованын адамдык сапаты бийик экени, жумушка болгон жоопкерчилиги эскерилди.


Экс-президент Отунбаева: "Эже менен бир тарыхый заман кетти. Оор заман, жыргал заман... Согушка чейин окуусун бүтүп, согуш убагында фронтко чейин барып келип, өмүр бою эл үчүн, мамлекет үчүн берилип иштеп, өлкөбүздүн эң бир чыгаан адамдарына айланган "Эл баатыры" болгон эжем. Эжем Кыргызстандын анык, нукура интеллигенциясынын биринчи муунунун бир жүрөгү кылып, куюп койгон коргошуну эле."


Кондучалова бир канча жолу СССРдин Жогорку Советине жана Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, Биринчи жана Үчүнчү даражадагы “Манас” орденинин жана Курманжан-датка эл аралык сыйлыгынын ээси. Сиңирген эмгеги үчүн Ленин, Ардак белгиси, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. 2010-жылы кыргыз президентинин жарлыгы менен ага “Ак шумкар” өзгөчө белгиси жана "Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген ардактуу наам ыйгарылган.


КР Президенти А.Атамбаев: "Бул адам баарыбыз үчүн бүткөн доордун символундай болуп калган. Баарыбыз билебиз - эже көп кызматта иштеген. Мугалимден баштап, Кыргыз ССР Министрлер советинин төрагасынын орун басарына чейин иштеген. Бирок көпчүлүктүн эсинде, тарыхта - маданият министри катары калып жатат. Мындай маданият министри бул эжеге чейин болгон эмес. Бул кишиден кийин дагы мындай министр болобу - белгисиз. Азыркы жетекчилер андан үлгү алыш керек. Эжебиз жөнүндө жакшы сөз гана уктум. "


Маданият, маалымат жана туризм министри С.Раев: "Күлүйпа эжебиз бизге "кыргыз элинин биримдиги, кыргыз элинин маданияты, маданият аркылуу элдин биримдиги, биримдик аркылуу улуттун маданиятын көтөрүү" деген улуу керезди айтып кетти. Бул сөз биз үчүн аманат. Аны келечекте аткарабыз деген ойдомун. Эже, жаткан жериңиз жайлуу болсун. Маданият кызматкерлери сизге терең таазим этет."


Күлүйпа Кондучалованын ысмы Кыргызстандын тарыхында алтын тамга менен жазылып калаарын бүгүнкү иш-чарада президент Алмазбек Атамбаев белгиледи. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрстөнүнө коюлду.


Насыйкат Эсенканова, Бекназар Шерманбетов, КБК