Балдарды коргоо күнүндө борбордо «Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын кошкон салымы» деген балдар фестивалы болуп өттү

June 4, 2019, 06:00

2019-жылдын 1-июнунда КР Президентинин Аппараты, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Кыргызстандагы ЮНИСЕФ интернат үйлөрдөгү жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдөгү 170 бала үчүн «Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын кошкон салымы» деген балдар фестивалын өткөрдү.

 

Фестивалдын өзгөчөлүгү жаш меймандар үчүн алардай эле жаш мугалимдер мастер-класстарды өткөргөнүндө болду. Химия боюнча кызыктуу тажрыйбалар, бир нече секунданын ичинде кубика-рубикти чогултуу, вальс сабактары, ITF таэквондонун жаш чеберлеринен өзүн-өзү коргоонун негиздери, кадимки карапа айланасында чоподон өз вазасын жасоо мүмкүнчүлүгү, эбру – сууда сүрөт тартуу (суудагы живопистин түрү, ал Түркиядан келген) боюнча кайталангыс мастер-класс. Шахматты 7-12 жаш курактагы балдар арасында Азиянын Чемпиону Айжан Съездбекова үйрөттү. Жаш робот жасоочулар өздөрүнүн меймандарына робот чогултууну үйрөттү, ал эми астрономдор телескоптордун жардамы менен алысты жакын кылып көрсөттү.

 

Балдарда “Лучше всех” берүүсүнө катышкан балдар – жаныбарлар дүйнөсүнүн билерманы Албан-Али Алим уулу, жаш “Брюс Ли” Нурмухаммад Ташмаматов, Нурпери жана Айпери менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү болду, алар бийлерди өздөрүнүн бүйүрдү кызыткан аткаруусу менен Россиянын 1-каналынын миңдеген көрөрмандарын багындырды.

 

Майрам Касымалы Баялинов атындагы Балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепкананын ыңгайлуу залдарында өттү. Бардык меймандар белектерди – КР Президентинин Аппаратынан балдар үчүн китептерди жана Кыргызстандагы ЮНИСЕФтен кепкаларды алды.

 

“Супара” ресторанынын ашпозчулары даярдаган даамдуу түшкү тамактан кийин балдар Жаш Көрүүчүлөр Театры даярдаган балдар спектаклине барды.

 

Бул майрам балдарга эс алуу мүмкүнчүлүгүн берип гана тим болбостон, ошондой эле аларды кызыктырып койду жана, балким, сабактардын бири келечекте ушул балдар үчүн жашоосундагы тандган кесиби болуп калат деп үмүттөнөбүз.

 

Маалымат алуу үчүн телефон: 660368