SТЕМ: Илимдеги кыз-келиндерге дем

June 5, 2019, 06:00

Кыз-келиндердин илим менен технологиядагы ролу Бишкекте өткөн эл аралык жыйында талкууланды.

 

STEM деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган. АКШ элчилигин колдоосу астында уюштулган STEM боюнча иш-чарага геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Розалия Жээнчороева, Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында эмгек сиңирген жалгыз аял кызматкер Дарияхан Мукашева, химия илимдеринин докторлору Минира Баткибекова жана Шарипа Жоробекова жана башка жаш окумуштуу кыз-келиндер катышты.

 

Форумда экс-президент Роза Отунбаева, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу, белгилүү окумуштуулар жана кыз-келиндер конок болушту.


Программаланган коду бар брелокторду көрсөтүп жаткан Бекк Виктория - Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин карамагында түзүлгөн Кыргыз-Герман техникалык институтунун студенти.

 

«Биздин долбоор «QR-код» деп аталат, - деди ал. - Бул адам өзү алдын-ала белгилеген маалыматтарды сактоочу код болуп саналат. Долбоордун идеясы мүмкүнчүлүгү чектелген же автокырсыкка кабылган адамдарды коргоого арналган. Эгер бул кодду сканерден өткөрсө, ал адам тууралуу маалыматтар чыгат. Мисалы, канынын группасы. Башкача айтканда эгер адам авария болсо, дарыгерлер тез арада бейтап тууралуу негизги маалыматтарды ала алат».

 

«SТЕМдеги аялдар – Кыргызстандын келечек образы» деп аталган форумда Бекк Викториядан башка да мектеп окуучулары жана студент кыздар өздөрүнүн табылгаларын көрсөтүштү.


Иш-чарага катышкан экс-президент Роза Отунбаева илим жана техника тармагында азыр аялдар үчүн мүмкүнкүнчүлүктөр көп болгонуна карабай, Кыргызстанда бул тармактарга кыз-келиндер аз тартылып жатканын, бул келечек муунду тарбиялоого терс таасир тийгизээрин билдирди:

 

​«Биздин эркектер айымдарга квота бербей жатат. «Силердин ордуңар үйдө» деп айтышат. «Бийликке жакын жолобогула» дешет. Ал эми андай аялдар илимди, бул тармактагы бийиктиктерди багынтууну максат кылган балдарды тарбиялап өстүрө алабы? Ошондуктан биз мамлекеттин келечегин ойлонгон балдарды тарбиялаган аялдарды өстүргүбүз келет. Сабаттуу апалар гана балдарынын билимдүү болуп чоңоюшун ойлонот. Ушул жагынан SТЕМ - абдан маанилүү жана керектүү программа».


Форумда «Кыргызстандын илимдеги жана техникадагы айымдары» китебинин бет ачарын өткөргөн Топчүгүл Шайдуллаева SТЕМ тармагында аялдардын ийгиликке жетпей жатышынын себептерине токтолду:

 

«Кыргызстандагы акыбалды алсак, эгер жаштар илимге барса, алар материалдык жактан корголбой калат. Айлыктары аябай аз. Бизде илимпоздорду социалдык жактан коргоо жок болуп жатат. Экинчи себеби - баягы эле салттуу көз караш. Кыздар бул кесиптин ээси болсо, жакшы иштейт. «Кыз бала кантип геолог болот эле, кантип талаа-түздө жүрөт эле?» дейт. Мына ушул эки чоң тоскоолдук бар».

 

Вице-спикер Аида Касымалиева Кыргызстанда адам капиталынан башка алдыга озуп чыкчу өнүгүүнүн булагы жок экенин, андыктан бул багытты өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалышы керек экенин эске салды:

 

​«Азыр жаңы кылымда адамдардын уникалдуу таланты бааланат. Менин кызым сүрөттү жакшы тартат. Ошондуктан биз программалоо тилин үйрөнүп жатабыз. Себеби ал сүрөт тартуу менен видео оюндарды, тиркемелерди жасаса болот. Бул чоң дүйнө, чоң акча. Эмне деген таланттуу окумуштуулар, балдар, кыздар Ат-Башы же Лейлекте кофеканада кофе ичип отуруп эле программа иштеп чыгып көп акча тапса болот жана өз билимин дүйнөгө сунуш кылса болот. Кыргызстан билим жана адам капиталынан башка эч нерсеси менен алдыга озуп чыга албайт. Бирок биз абдан артта калдык, мунун ордун толукташыбыз керек».

 

ЮНЕСКОнун маалыматына караганда дүйнө жүзүндө окумуштуу изилдөөчүлөрдүн 30% гана айымдар түзөт. Кыргызстанда да SТЕМ тармагында окумуштуу айымдар аз. Алардын бири Асел Сартбаева жакында эле химия боюнча Хансон атындагы медалга татыктуу болду.


Айдана Топчубаева

"Азаттык"