«STEMдеги айымдар-Кыргызстандын келечеги» Форуму болурп өттү

June 6, 2019, 06:00

2019-жылдын 4-июнунда И.Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык университетинде “STEMдеги аялдар –Кыргызстандын келечеги” аталышындагы Форум болуп өттү. Иш чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан жүзөгө ашырылган “STEMде кыз-келиндердин мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү жана ролун жогорулатуу” долбоорунун алкагында өттү. Аталган долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигине караштуу Демократиялык комиссия тарабынан каржыланган жана быйылкы өлкөнү санариптештирүү жылына туш келип отурганы менен да мааниге ээ болду.


Иш чарага КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, КР Жогорку Кенешинин вице-спикери А.Касымалиева, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу, ошондой эле өлкөбүздүн STEM тармагындагы көрүнүктүү өкүлдөрү, “КР аялдары SТЕМде» түйүнүнүн мүчөлөрү, окутуучулар жана студенттер катышты.


Форумдун катышуучулары жогоруда аталган долбоор алкагында жүргүзүлгөн ишмердиктер менен таанышышты. Республиканын аймактарында жүзөгө ашып жаткан 10 долбоор өздөрүн презентация жасашты. Ошондой эле иш чара учурунда долбоор алкагында жарыкка чыккан “Кыргызстандын илимдеги жана техникадагы айымдары” китебинин бет ачаары да болуп өттү.


Өзүнүн сөзүндө Р.И.Отунбаева азыркы учурдагы айти технологиянын ролун баса белгиледи: “Дүйнөлүк өнүгүүнү азыр 5 ири айти компаниялар аныктап калды. Биз артта калбашыбыз керек. STEM - абдан маанилүү жана керектүү программа, ал биринчи кезекте аялдар үчүн зарыл. Балдарды өстүрө турган аял-эненин келечегин бүгүн ойлошубуз керек, билимсиз аял кандай балдарды тарбияламак эле!? Бул иште сиздердин окуу жай – Кыргыз Техникалык университети лидер болууга тийиш – деп белгилеп, кыздарды ушул багыттагы кесиптерди тандоого, илимге чакырды.


АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Дональд Лу өзүнун сөзүн кыргыздын “Курттан жибек чыгат, кыздан зирек чыгат” деген макалы менен баштады жана STEMдолбоорун демилгелеп жана жүзөгө ашырып жаткан Р.Отунбаевага жана анын фондуна өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.


Форумдун жүрүшүндө уюштурулган 10 долбоор тууралуу көргөзмө да катышуучулардын зор кызыгуусун жаратты. Айрыкча “Тумар” тобу өздөрү ойлоп тапкан “Көзү азиздер үчүн мобилдик тиркеме”, А.Анисимова жетектеген топтун “Эгемен Кыргызстандын биринчи спутниги”, “Нарын шаарынын мектеп окуучулары үчүн робототехника боюнча ийримдерди уюштуруу” аталышындагы долбоорлор өзүнүн инновациялык, креативдик мүнөзү менен баарынын эсинде калды жана мааниге ээ болду.