«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын июнуна иш-чараларынын дайджести

June 1, 2019, 06:00


«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын


2019-жылдын июнуна


иш-чараларынын дайджести

 

 

 

1-июнь - «Кыргызстанды өнүктүрүүгө балдардын салымы» балдар фестивалы

Качан: 1-июнь

Кайда: К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепкана

1-июнда – Балдарды эл аралык коргоо күнүндө чемпион балдар жана «жылдыз» балдар интернат үйлөрдөгү 170 бала үчүн мастер-класс өтөт жана көрсөтмөлүү оюндарды көрсөтөт. Жетим балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдар Азиянын Чемпиону Айжан Съездбековадан шахматты үйрөнүп, рубик кубигин убакытты саноо менен чогултуп, вальс бийлегенди үйрөнүп, жаш таэквондисттерден өзүн-өзү коргоонун биринчи сабагын алып, сууда сүрөт тартуу өнөрү – эбру менен жана башка көптөгөн нерселер менен таанышат алат. Фестивалды уюштуруучулар – КР Президентинин Аппараты, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ жана Кыргызстандагы ЮНИСЕФ.

Телефон: 0707471879 (Асель Джакыпбекова)

 

 

4-июнь - «Айымдар STEM’де – келечектеги Кыргызстандын образы» форуму

Качан: 4-июнь, саат 09.00 – 15.00

Кайда: И.Раззаков атындагы КМТУ (Корей борбору)

Иш-чаралардын жүрүшүндө «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун жыйынтыктары чыгарылат, «Кыргызстандын илимдеги жана техникадагы айымдары» китебинин презентациясы өтөт. Форум ошондой эле авторлору өлкөнүн ар кыл булуң-бурчтарынан келген жаш кыздар болуп саналган инновациялык долбоорлордун көргөзмөсүн өзүнө камтыйт. Форумдун катышуучулары – эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, республиканын ЖОЖдорунун жетекчилери, мамлекеттик органдардын/мекемелердин, бизнес-сектордун, робот техникасы жана программа түзүү боюнча уюмдардын өкүлдөрү, студенттер, «КР айымдары STEM’де» тармагынын мүчөлөрү

Тили: кыргыз/орус

Телефон: 0708743407 (Анипа Усупкожоева), 0555821504 (Асель Маражаббай кызы)

 

 

8-июнь - кыргыз тилиндеги «Си Цзиньпин мамлекеттик башкаруу жөнүндө» деген китептин презентациясы

Качан: 8-июнь

Кайда: № 1 мамлекеттик резиденция, «Энесай» залы

Иш-чараны КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин Пресс-канцеляриясы КЭРдин Басма иштери жана чет тилдердеги адабиятты таратуу башкармалыгы, КЭРдин КРдагы Элчилиги, Кытайдын Чет тилдердеги адабият басмасы, ошондой эле «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ менен бирдикте уюштурду. Китептин кыргыз тилиндеги котормосу «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын катышуусу жана колдоосу менен Кытайдын Чет тилдердеги адабият басмасы менен бирдикте даярдалды. Котормосун кыргыз дипломаты Бактыгүл Каламбекова жүзөгө ашырды. Китептин басылмасы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий байланыштарды өнүктүрүүгө салым болуп саналат.

Телефон: 0558 585 892 (Капаров Жаныбек), 0755 191 312 (Жунусова Алтынай)

 

 

9-июнь – Т. Молдо атындагы № 71 жалпы билим берүүчү мектеп-интернатка китептерди жана канцеляриялык товарларды берүү

Качан: 9-июнь

Кайда: Т. Молдо атындагы № 71 жалпы орто билим берүүчү мектеп-интернат

Иш-чараны КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин Пресс-канцеляриясы КЭРдин Басма иштери жана чет тилдердеги адабиятты таратуу башкармалыгы, КЭРдин КРдагы Элчилиги, Кытайдын Чет тилдердеги адабият басмасы, ошондой эле «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ менен бирдикте уюштурду.

Телефон: 0558 585 892 (Жаныбек Капаров), 0755 191 312 (Алтынай Жунусова).

 

 

24-28-июнь - Мигранттар үчүн лагерь

Качан: 24 – 28-июнь

Кайда: «Ак-чий» эс алуу зонасы, Ысык-Көлдүн жээгиндеги Тосор айылы

Лагердин максаты мигранттарды ийгиликтүү реинтеграциялоо жана аларга өз жамааттарынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн керектүү жөндөмдөрдү берүү, ошондой эле адамдын укуктарын жана Кыргызстандан келген мигранттардын кызыкчылыктарын алга илгерилетүүгө жигердүү катышуу болуп саналат. Иш-чаралардын жүрүшүндө катышуучулар волонтерлуктун негиздерине, социалдык активдүүлүктүн жана жоопкерчиликтин маанилүүлүгүнө, ошондой эле кампаниялардын эдвокасисин иштеп чыгууга жана жүргүзүүгө үйрөтүлөт. Катышуучулар мамлекет жана шайлоо түшүнүгү жөнүндө билимдерди ала алат. Иш-чаралар командада иштөө жөндөмдөрүн өнүктүрүү, эмоцияларын жана сезимдерин билдирүү боюнча айрым сессиялар менен коштолот. Легерь ошондой эле өзүнө тоого чыгып сейилдөө жана от жанындагы иш-чаралар түрүндөгү окутуунун формалдуу эмес ыкмаларын камтыйт.

Телефон: 0558 585 892 (Жаныбек Капаров), 0555821504 (Асель Маражаббай кызы)