Борбордо «Айымдар STEMде - келечектеги Кыргызстандын образы» форуму өтөт

June 1, 2019, 06:00

2019-жылдын 4-июнунда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Айымдар STEM’де – келечектеги Кыргызстандын образы» форуму өтөт.

 

Ага Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева, Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Дональд Лу, Кыргызстандын STEM чөйрөсүндөгү көрүнүктүү илимпоз айымдары, республиканын ЖОЖдорунун жетекчилери, мамлекеттик органдардын/мекемелердин, бизнес-сектордун, робот техникасы жана программа түзүү боюнча уюмдардын өкүлдөрү, студенттер, «КР айымдары STEM’де» тармагынын мүчөлөрү катышмакчы.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ ишке ашырып жаткан «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун жыйынтыктары чыгарылат. Форумдун жүрүшүндө «Кыргызстандын илимдеги жана техникадагы айымдары» китебинин презентациясы өтөт.

 

Иш-чара ошондой эле авторлору өлкөнүн ар кыл булуң-бурчтарынан келген жаш кыздар болуп саналган инновациялык долбоорлордун көргөзмөсүн өзүнө камтыйт.

 

Өткөрүү орду: Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти 66, И.Раззаков атындагы КМТУнун башкы корпусу (Корей борбору).

 

Өткөрүү убактысы: 9.00-15.00