«Кыргызстандын өнүгүүсүнө балардын салымы» фестивалы өтөт

May 31, 2019, 06:00

2019-жылдын 1-июнь күнү Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындгы балдардын жана өспүрүмдөрдүн китепканасында «Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын салымы” аталышындагы Балдардын фестивалы өтөт. Ага Бишкектен жана региондордон келген эл аралык жана ата мекендик мелдештерде чоң ийгиликтерди жараткан таланттуу балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган балдар болуп баары 170 бала катышышат.


Иш чаранын максаты: Кыргызстандын балдарынын зор потенциалын көрсөтүү, алардын дареметин ачканга шарттарды түзүү.


Мамлекеттин өнүгүүсү , анын келечеги адам потенциалынын сапатына түздөн түз байланыштуу экенин эске алсак, ал ириде бүгүнкү өсүп келаткан балдарга карата болгон мамилеге жана камкордукка жараша болоору айныгыс чындык.


Фестиваль эл аралык сынактардын жана мелдештердин жаш жеңүүчүлөрү тарабынан даярдалган чакан концерт менен башталат.


Иш чара чыгармачыл, көңүл ача турган форматта өтөт. Искусствонун ар кандай түрлөрү жана робототехника, шахмат, химия, менталдык арифметика, таэквондо жана башкалар боюнча мастер-класстар уюштурулат. Атайын жасалган фотоаймакта балдар өзүн ар кандай образдарда сынап көрсө болот, тигил же бул кесиптин атмосферасына чөмүлүп кыялдана алышат. Президенттердин клубу өзүнчө иштейт, ал жерде жаш лидерлер- мектептин президенттери чогулуп, талкуулап, “Президентке жана Кыргызстан элине Кайрылууну” жазышат.


Иш чарага КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева , КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары А.М. Кененбаев, Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин өкүлү жана башка расмий адамдар катышат.


Белгилей кетсек, бул Балдар Фестивалы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду жана ЮНИСЕФ тарабынан биргеликте өткөрүлүп жатат.


Фестивалды Канат Дилдедосов жана Урмат Борченовдор алып барышат.


Иш чара саат 11.00 башталат.


Байланыш 0772 85 57 10