Көл жээгинде поэзия кечеси өттү

May 29, 2019, 06:00

Ысык-Көлдүн жээгинде 28-майда акындар Олжобай Шакир, Алтынбек Исмаилов жана Акбар Кубанычбековтун поэзия кечеси өттү.

 

Кечеге "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фондунун "Жайлоо өнүгүү борболору" долбоорунун алкагында өтүп жаткан республикалык конференциянын катышуучулары жана “Кыргыз деңиз” санаториясынын эс алуучулары катышышты.

 

Акындар өз чыгармаларын окушуп, Акбар Кубанычбеков "Мурас" ырын комуз менен жандуу ырдап берип, элдин маанайын көтөрдү.


Кече эки саатка чейин уланып, көрүүчүлөр акындарды кетирбей жатышты.

 

Республикалык конференциянын катышуучусу Өзгөн районунун Кочкор-Ата бала бакчасынын жетекчиси Жаркынай Бейшебаева конференциядан жакшы энергия, билим берүүнүн жаңы методдорун алгандыгын жана аларды жаш муунду тарбиялоого талыкпастан жумшаарын билгизип буларга токтолду: - Кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде, табияттын койнунда, жаш акындардын поэзия кечесинде аябай толкунданып отурдук. Алардын ар бир ыры жан дүйнөбүздү жибитип, аткарып келе жаткан иштерибизге дагы дагы дем берди. Иш-чаралардан жакшы энергия алып, билим берүүнүн жаңы методдорун өздөштүрүп, жергебиздеги жаш муундарга татыктуу тарбия берүүгө даяр болуп кетип жатабыз.

 

Көл жээгиндеги кечеге КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева катышты. Кечени белгилүү акын Алтынбек Исмаилов алып барды.

 

Эл ичи өнөр кенчи дегендей, элдин арасында дагы таланты барлар чыгып, акындарды коштоп, ырларын көркөм окуп, жандуу ырларын да тартуулашты.


Ысык-Көлдүн Түп районунун “Каркыра” жайлоо өнүгүү борборунун уюштуруучусу Мелис Шооруков “Өмүр керемет” ырын аткарды, Кара-Кулжа районунун “Ажыке” жайлоо өнүгүү борборунун жетекчиси Жумагул Досматова “Жанымда жылмайып” ырын ырдап берди.