Ачык Диалог ачык талкуу менен өттү

May 26, 2019, 06:00

2019-жылдын 24-майында Бишкек шаарында “Адамдык капитал: балдарга инвестициялоо убагы келдиби?” аталышындагы Ачык Диалог болуп өттү.


Иш чара Балдарды коргоо күнүнүн – 1-июндун алдында жана БУУнун Баланын укуктары жөнүндө конвенциясынын 30 жылдыгына арналган ЮНИСЕФтин кампаниясынын алкагында өткөрүлүдү, анын максаты баланын укугу реалдуулук болуп калышы үчүн маалымдар болууну арттыруу жана аракеттерге чакыруу болду.


Ачык Диалогко КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери А.Касымалиева, КР Жогорку Кеңешинин депутаты А.Нурбаев, КР Президентинин Аппаратынын Жарандык өнүгүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн жетекчиси Н.А.Ташпаева, Кыргызстандагы ЮНИСЕФ башчысы ЮкиэМокуо, КР Эмгек, Социалдык өнүгүү министри У.Т. Кочкоров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкүлдөрү, жарандык сектордун активисттери, окумуштуулар, эксперттер жана журналисттер катышты.


Талкуу учурунда бүгүнкү күндө Кыргызстанда 800000 баланын жакырчылыкта чоноюп жатканы, бул ар бир үчүнчү бала экени, мамлекет тарабынан жүргүзүлуп жаткан социалдык коргоого жакыр балдардын 60 пайызы тартылбай калганы расмий статистикада айтылып, кызуу талкууну жаратты. Өлкөбүз тойканаларга толуп, машиналар көчөгө батпай, жакырчылык тууралуу сүйлөбөй койсок эле элибиздин турмушу оңолуп жатканынын көрсөткүчү эмес экен. Жаныбызда, арабызда канчалаган балдар жокчулуктун азабы менен, эптеп күн көрүүдө. Социалдык коргоонун эң натыйжалуу деген түрү - жөлөк пулду ушул балдардын теңинен көбү албайт экен! Жөлөк пулдун көлөмү бир балага болгону - 810 сом. Ачык диалогко катышкан эксперттер жакырчылык тукум кууйт, муундан муунга өтүп, тамырлап кеткени менен опурталдуу экенин айтышты. Балдар кедейлигинин психо-эмоционалдык, физиологиялык жана когнитивдик кесепеттери тууралуу пикир алышуулар балдарга токтоосуз түрдө комплекстүү инвестиция салуу керектиги жөнүндөгү жыйынтыкка алып келди.


Аталган иш чараны демилгелеген жана уюштурган Р.И.Отунбаева: балдарды жакырчылыктан чыгаруу жолундагы үч багытты сунуштады:

• Мамлекет тарабынан 800000 жакыр жашаган баланы фокусуна алган атайын Программа түзүлүп иштеши керек;

• Балдарга ысык тамак берүү Кыргызстандын мектептеринин баарында тегиз ишке ашуусун камсыз кылуу зарыл;

• Жан башына каржылоону ишке ашыруу


ЮкиэМокуо: өлкө азырынча жаш, балдарга инвестициялоого мүмкүнчүлүгү бар.10 жылдан кийин Кыргызстан да карып бараткан өлкөлөр катарына кошулуп калат. Мисалы,менин мекеним Жапонияда инвестиция салганга балдар жок, алар абдан аз- деп айтты өзүнүн сөзүндө.


Ал эми КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери А.Касымалиева балдарга кеткен чыгымды Жогорку Кеңеште талкуулап жаткан учурда биз алардын ден соолугу, билим алуусундагы көйгөйлөрдү аңдабай жатабыз, анын үстүнө балдар добуш бере албайт, ошон үчүн бул багыттагы кабыл алган чечимдер популярдуу чечимдерге кирбей калат. – деп өз оюн ачык айтты.


Иш чара суроо-жооптор менен да коштолду. Соңунда катышуучулар балдарды жакырчылыктан чыгаруу жолдорун сунуштаган Кайрылуу кат кабыл алышты.