Бишкек шаарынын турак-жай конуштарынын тургундары спорттук мелдештер аркылуу тынчтыкты жана жакшы коңшулаштыкты бекемдеп жатат

May 21, 2019, 06:00

2019-жылдын 18-майында Арча-Бешик турак-жай конушундагы «Газпром-балдарга» ден соолукту чыңдоо комплексинде «Ынтымактуу конуштар» Лигасы» деген биринчи спартакиаданын расмий салтанаттуу жабылышы жана «Турак-жай конуштарынын тургундары тынчтыкты жана ынтымакты жактайт!» деген девиз астында Спартакиаданын жеңген командаларын сыйлоо болуп өттү.

 

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде ЮНФПА/ЮНИСЕФ/ООН УНПнын жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» деген биргелешкен долбоорунун алкагында 10 пилоттук: Ак-Ордо, Рухий-Мурас, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Тилек, Бакай-Ата, Эне-Сай, Ак-Бата турак-жай конуштарынын тургундары мини-футбол, волейбол боюнча мелдешти, ошондой эле чоң кишилер категорияларында дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырды. Жыйынтыктоочу күнү 10 турак-жай конушунун командалары аркан тартуу боюнча мелдешти.

 

Бул мелдештердин өзгөчөлүгү мында: командалардын курамында 18 жаштан өткөн курактагы эркектер менен аялдар ойнойт, мисалга алсак, курактык категориялардагы дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу боюнча турак-жай конуштарынын 18 жаштан 69 жашка чейинки тургундары, жаштардын өкүлдөрү гана эмес, ошондой эле коомдук ден соолук комитеттеринин, аялдар кеңештеринин, аксакалдар кеңештеринин өкүлдөрү жана МТУнун өкүлдөрү жигердүү катышты.

 

Спартакиаданын негизги максаты спорттук мелдештер аркылуу тынчтыкты, социалдык жана гендердик теңчилик идеяларды даңазалоо болуп саналат.

 

Спартакиаданын жеңген командаларын жана катышуучуларын шаардын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Майрам Мамбетова, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальниги Даулет Досалиев, ЮНФПАнын аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева жана кыргыз футболунун төбөсү көрүнүп келаткан футболисти, КР курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев куттуктады.

 

Мини-футбол боюнча 20-апрелдеги, 4 жана 11-майдагы оюндардын натыйжалары боюнча үчүнчү орунду Жеңиш турак-жай конушунун командасы, экинчи орунду Ак-Тилек турак-жай конушунун командасы ээледи. Эң мыкты оюнду Көлмө турак-жай конушунун командасы көрсөттү, ал биринчи орунду ээледи. Волейбол боюнча үчүнчү орунду – Эне-Сай, экинчи орунду Бакай-Ата турак-жай конушунун командасы ээледи. Ак-Ордо турак-жай конушунун тургундары эң күчтүү команда болуп чыкты, алар «Ынтымактуу конуштар» Лигасынын кубогун утуп алганын белгилеп кетүү керек, анткени бардык мелдештерде жакшы натыйжаларды көрсөттү, алсак, волейбол боюнча жана аркан тартуу боюнча биринчилик ушул командада болду. Аркан тартуу боюнча мелдеште үчүнчү орунду Рухий-Мурас турак-жай конушунун командасы ээледи, экинчи орунду Мурас-Ордо жай конушунун командасы ээледи. Жеңген командалар акчалай сыйлыктар, кубоктор, дипломдор жана медалдар менен сыйланды.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальниги Даулет Досалиев «Ынтымактуу конуштар» Лигасы ушул долбоордун аркасында турак-жай конуштарынын арасында биринчи жолу уюштурулуп жатканын белгиледи. «Жаштардын өкүлдөрү, орто, улуу муундагы адамдар, анан, албетте, ЖӨБлар, кварталдык комитеттер абдан активдүү колдоду. Муундардын биримдигинин жана коомчулуктун жигердүүлүгүнүн аркасында Спартакиаданын максаттарына жетишилди, ошондуктан биз ушундай спартакиаданы жыл сайын өткөрүп турабыз.»

 

ЮНФПАнын аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков буларды белгиледи: жаштардын жана жамааттын тычтыкты жаратуучу демилгелери маанилүү, алар бүгүнкү күндө пилоттук турак-жай конуштарынын командаларынын ортосундагы спорттук мелдештер аркылуу ишке ашырылып жатат. Өмүрзаков бардык өнөктөргө зор ыраазычылыгын айтты, ошондой эле «Ынтымактуу конуштар» Лигасы спартакиадасын кийинки жылдары колдоого даяр экенин билдирди.

 

Жаштар командалары кыргыз футболунун футболисти, КР курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев менен ысык саламдашты, ал шыктануу менен сөз сүйлөп жана спортто гана эмес, ошондой эле ар биринин турмушунда жеңиштерди каалады.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева КР экс-Президентинин, Фонддун уюштуруучусунун расмий куттуктоосун айтты жана турак-жай конуштарынын өнүгүшү үчүн гана эмес, ошондой эле өлкө үчүн жакшы коңшулаштык жана тынчтык маанилүү жана ар бир адам бул процесске салымын кошууга тийиш деп белгиледи.

 

Бул демилге Бишкек шаарынын мэриясынын жана БУУнун үч агенттигинин – ЮНФПАнын (БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду), ЮНИСЕФтин (БУУнун Балдар фонду) жана БУУ БКБнын (БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы) кызматташтыгы менен БУУнун биргелешкен долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.