Шахмат боюнча Азия чемпиону Көлмө конушунун тургундары менен жолугушту

May 21, 2019, 06:00

16-майда шахмат боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, Азиянын чемпиону Айжан Съездбекова менен шахмат, дзюдо боюнча чемпион Алмаз Съездбеков Көлмө жаңы конушунун №78 гимназиянын окуучулары жана тургундары менен жолугушту.

 

Бул жолугушуунун негизги максаты – жаңы конуштун жаштарын шыктандыруу, убактыларын туура пайдаланууга багыт берүү жана кыздарга өзүн өзү коргоого мүмкүнчүлүк түзүп берүү менен ата-энелерге баланын жөндөмүн ачып, ар тараптуу өнүктүрүү боюнча баарлашуу болуп эсептелет.

 

Көлмө конушунун тургундары атайын бул иш чарага арнап боз үй тигип, боорсок сары май менен Айжанды өзгөчө шаң менен тосуп алышты. Мастер класс болот деп уккан тургундар, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, окуучулар да чемпион менен шахмат ойногону келишкен. Балдардын санынан дагы алардын шахматка болгон кызыгуусу бизди айрыкча кубандырды.

 

Иш-чараны “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун координатор-мобилизатору Чынара Абдыраимакунова балдарга жана ата-энелерине чемпиондордун үй-бүлөсү тууралуу маалымат берип, алардын ийгиликтери кандай жол менен, канчалаган эмгек менен келгендигин айтып өттү.

 

Жалаң чемпиондорду тарбиялап келе жаткан Айжан менен Алмаздын устаты-атасы Съездбек Таштакеев ийгиликтин сырлары тууралуу конуштун тургундарына лекция окуп берип, балдарды убакытты туура колдонууга чакырды.

 

“Балдарым азыр дүйнөдөгү эң кыйын шахматчылар менен интернет аркылуу онлайн ойношот. Интернетти, убакытты дагы эффективдүү жана туура пайдаланышат. Анткени мен убакыт алтындан да, акчадан да кымбат деп айтып келем. Убактыңарды туура колдонгула деп балдарыма дайыма айтуу менен, алар менен бирге шахмат ойноп, жумасына үч жолудан кем эмес дзюдо менен машыгып, спортзалга барып алектенебиз. Убактысын туура пайдаланган ар бир бала, түрдүү бийик ийгиликтерге жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Мына ушунун далили Айжан. Кызым азыр сегиз жашта, шахматты төрт жашынан тарта таанып баштаган. Беш жашында Монголияда өткөн Азия чемпионатынан шахматтын классика түрүнөн күмүш медал утуп келген. Эми мына Айжан бүгункү күнгө чейин Азиянын 3 жолку чемпиону болсо, Алмаз болсо, шахмат боюнча да, дзюдо боюнча да чемпион болуп отурушат”, - деп белгиледи С.Таштакеев.

 

Чемпион кызыбыз бир убакта 6 адам менен (анын ичинде 10 жаштан 30 жашка чейинки жаштар) шахмат ойноп, баардыгын утуп койду. Оюн өтө кызуу өттү, анткени окуучулар арасында шахматты мыкты ойногон, шахмат боюнча ийримге барган балдар көп болду. Гимназиянын шахмат боюнча чемпиону, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунун чемпиону дагы Айжандан утулушту. Көлмө конушунун жаштар уюмунун өкүлү Айбек жарым саатка жетпеген убакытта жеңилгендигин моюнуна алып, Айжанга колун сунуп, ыраазычылыгын билдирди. Бир сааттан ашык убакытка чейин акыркы оюнчулардан болуп 6-класстын окуучусу Айтбек уулу Алишер калды, ал эң акыркы болуп калгандыгын сүйүнүч менен кабыл алып, аны биринчиден апасына айтаарын жана Айжандын кубокторун көргөндө эле кандайдыр бир стимул пайда болгондугун айтты.

 

“Мен эки жылдан бери шахмат ойноп келип, мектеп ичинде гана орундарга жетишкем, чет өлкөлөргө да чыккам, бирок орундарга ээ боло элекмин. Чемпион менен ойногон менимче баардыгына эле оор. Мектепте баардыгын утуп жүрүп, сегиз жашар кыздан утулуп калыш мен үчүн кичине өкүнүчтүү”, - деди Алишер.


4-класстын окуучусу Сабыр Ишенов шахматты алты жашынан баштап атасынан үйрөнгөндүгүн, атасын кээде утаарын, бирок Айжандан баары бир утулаарын мындай деп түшүндүрдү: - Чемпиондон баары бир утулам, бирок аракет кылыш керек, ошондо гана өзүңдүн ой максатыңа жетесиң. Эгерде адамда бир пайыз өнөр бар болсо жана 99 пайыз эмгек болсо каалаганыңа жетесиң. Сабыр Айжандын медал, кубокторун көргөндө аябай суктанып, мен дагы ошондой ийгиликтерге жетишип медаль, кубок алсам деген ниет кылганын жашырган жок.


10 неберенин чоң апасы, төрт уулдун апасы Сейиткулова Ханзада Шахмат боюнча мастер класс өтөт дегенди угуп небересин алып келген.

 

“Бүгүнтөн баштап небереме колдоо көрсөтүп, шахмат ийримине берүүгө даяр болуп турам. Неберелеримдин баарынан убакытты текке кетирбей, ар кандай ийримдерге катышкыла деп талап кылам”, - дейт чоң апа.

 

Дзюдо боюнча мастер классты Айжан менен кичинекей Нурсултан көрсөттү. Балдар аябай кызыгуу менен көрүшүп, сүрөткө түшүп жатышты. Конуштун тургундары чемпиондорубузга китептерди белек кылышып, дагы келип турушун суранышты.

 

Бул жолугушуулар “Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө” долбоорунун алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан, ЮНФПА Кыргызстандын колдоосу менен өткөрүлүүдө.