Эне-Сай конушунун окуучулары чемпиондор менен шахмат ойношту

May 20, 2019, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 15-майында Бишкек шаарынын Эне-Сай конушунун №21 орто мектебинде Кыргызстандын шахмат боюнча бир нече жолку чемпиону, Азиянын 3 жолку чемпиону Айжан Съездбекова, шахмат, дзюдо боюнча чемпиондор Алмаз, Руслан Съездбековтор мектеп окуучуларына мастер класс өтүштү.


Мектептин кире беришинде чогулуп турган экинчи нөөмөт менен окуй турчу окуучулар, жыйырма чакты жаркыраган кубокторду көтөрүп келе жаткандарды көрүп көздөрү жайнап, Айжанды таанышып, кубанычтарын жашырышкан жок.


Алгач иш-чараны “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун, “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун координатор-мобилизатору Чынара Абдыраимакунова ачып, чемпиондорду тарбиялап, өстүрүп келе жаткан Съездбек Таштакеевтин үй-бүлөсү, ийгиликтери тууралуу айтып берди.


“Жаш курагына карабастан, Съездбеков Алмаз, Арзыбек, Русландар учурда мектептерде жана өздөрү жаңыдан ачкан шахмат мектебинде тренер болуп иштешет. Мектептер арасында бизге келип ийрим өтүп берсин деп талаш да болуп жатат”, -деп белгиледи Ч.Абдраимакунова.


Чемпиондордун атасы-устаты Съездбек Таштакеев бул жолугушууга тажрыйба, ийгиликтерге жетүүдөгү сырлары менен бөлүшүү максатында келип жаткандыгын айтып. Балдарга жана ата-энелерине лекция окуп, суроолоруна жооп берди.


Айжан менен шахмат ойногонду каалаган балдардын саны аябагандай көп болду. Чемпион кызыбыз бир убакта 14 окуучу менен ойноп (алардын ичинде 4-класстан 8-класска чейинки мектеп окуучулары бар) баардыгын бир саатка жетпеген убакытта утуп койду. Таймаш өтө кызыктуу болуп, акыркы оюнчу 6-класстын окуучусу Акимов Абдулазим болду. Абдулазимге кластташтары кол чаап, дем-күч берип турушту.


Жолугушууга катышкан эки баланын апасы Мунара Жусупова кызы аябай жөндөмдүү экенин, бирок аны буга чейин шахмат ийримине берем деп ойлонбой келгендигин жана бүгүнкү мастер класстан кийин ал сөзсүз шахматка берээрин айтып, буларга токтолду: -Шахмат баланын акылын аябай өстүрөт эмеспи. Бүгүн жаш чемпиондор менен шахмат ойногонду каалаган окуучулар көп болду, бул мындай иш-чараларды көп-көптөн уюштуруш керектигин билдирет. Телефондогу оюндарды ушул шахматка алмаштырып алсак, кандай жакшы болот эле. Окуучуларга шахматты даңазалап, мотивация берип жаткандыгыңар үчүн мектептин жамаатынын атынан ыраазычылык билдирем.


5-класстын окуучусу Азамат уулу Умар Айжан менен шахмат ойноп 2-3 мүнөттүн ичинде эле утулуп калды. Ал утулушун Айжан аябай акылдуу, математик экен деп түшүндүрүп, мындан ары да мыкты ойногонго аракет кылаарын убада кылды.


Ал эми 6-класстын окуучусу Жакшылык Муканбетов убакыттын тардыгына байланыштуу Айжан менен шахмат ойной албай калгандыгына карабастан, ага мастер класс жаккандыгын, өзгөчө Айжандын ийгиликтери, медалдары, кубоктору, грамоталары ага дем бергендигин айтты. Жакшылык шахматты атасынан үйрөнгөн, мындан ары да мыкты өздөштүрөөрүн жана турнирлерге катышаарын билдирди.


Бул жолугушуулар “Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө” долбоорунун алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан, ЮНФПА Кыргызстандын колдоосу менен өткөрүлүүдө.