«Дүк-дүк жүрөк» поэзия кечеси өтөт

May 18, 2019, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду элибизге таанымал акындардын жана жаңыдан эл сүймөнчүгүнө ээ болуп келаткан жаш таланттардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Мындай кеченин кезектегиси белгилүү акын, жазуучу, “РухЭш” сайтынын негидөөчүсү Олжобай Шакирдин чыгармачылыгына арналат.


О.Шакирдин “Дүк-дүк жүрөк” поэзия кечеси 2019-жылдын 22-май күнү А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында өтөт.

Башталышы саат 17.00


Олжобай Шакир “Үшкүрук” (1997), “Өзүм менен өзүм” (2006) поэтикалык жыйнактарынын, “Эски тегирмендин орду” (2014), “Куюн доор” (2016) прозалык чыгармаларынын жана мезгилдин көйгөйлүү маселелерин көтөргөн көптөгөн курч публицистикалык макалалардын автору. Ошондой эле ал акыркы жылдары коомчулукта популярдуу болуп бараткан интеллектуалдар альянсы - “РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү болуп саналат.


Аталган кече адабий-музыкалуу деп аталып, анын жүрүшүндө О.Шакир өзүнүн ырларын окуп берет, акындын ырларын артисттер да көркөм окушат, ошондой эле акындын сөзүнө жазылган обондуу ырлар аткарылат.


Кеченин көркөм режиссору белгилүү актер жана режиссор Назым Мендебаиров, алып баоуучусу белгилүү акын Мирлан Самыйкожо.