Кыргызстандын Экс-президенти Роза Отунбаева Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги экинчи Аялдар форумуна катышты

May 15, 2019, 06:00

Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги экинчи Аялдар форуму өттү.

 

Иш-чарага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, ШКУнун башкы катчысынын орун басары Айзада Субакожоева, Казакстандын премьер-министринин орун басары Гульшара Абдыкаликова, Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Танзила Нарбаева, Бүткүл кытайлык аялдар Федерациямсынын төрагасынын орун басары Ся Цзе, Россиянын Аялдар бирлигинин төрагасынын орун басары Надежда Ремнева, ошондой эле ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коомдук жана мамлекеттик аял ишмерлери жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.

 

Форумдун салтанаттуу ачылышы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен өттү, ал бүгүнкү күндө адамзаттын алдында экология, кедейлик, демография, жумушсуздук, миграция жана качкындардын маселелери сыяктуу жаңы көйгөйлөр турат деп белгиледи. Ошондой эле, анын айтымы боюнча, ааламдашуу процесстери дүйнө элдеринин өз алдынчалуу улуттук маданияттары, салттары жана тилдери үчүн олуттуу коркунучту түзүп жатат. Өкмөт башчысы өз сөзүндө ШКУга мүчө өлкөлөрдүн калыптанышына жеке салымын кошкон көрүнүктүү айымдарга токтолду жана азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоодо Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеванын ролун белгиледи.

 

«Кыргызстан аялдары бардык мезгилдерде биздин коомдо өзгөчө статуска ээ болгон жана бүгүнкү күндө алар жаңы турмушту курууга жигердүү жардам берип жатат. Буга Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон учурдан тартып өзүнө гендердик теңчилик жана адам укуктары боюнча өзөктүү эл аралык милдеттенмелерди алгандыгынын кырдаалы да түрткү болду», - деп баса белгиледи премьер-министр.

 

Өз сөзүндө экс-президент Роза Отунбаева саясаттагы аялдардын саны боюнча Кыргызстан Казакстандан жана Өзбекстандан артта калып жатат деп белгиледи жана «Кыз-келиндер Кыргызстандын парламентинде да, Өкмөтүндө да көп болот деп ишенебиз» деген үмүтүн билдирди.

 

«ШКУ өлкөлөрү боюнча гендердик талдоо таптакыр жок. Жөн гана мындай зарылчылык болгон эмес. ШКУ хартияны кабыл алган учурдан бери айымдар жөнүндө маселе күн тартибине коюлушу үчүн 17 жыл талап кылынды», деп айтты Роза Отунбаева жана Кытайдын башчысы Си Цзиньпинге ыраазычылык билдирди.

 

ШКУнун биринчи аялдар форуму саммитти өткөрүүнү алкагында Кытайда өткөн. «Ал эч бир тартынган жок жана өткөн жылы ШКУга мүчө өлкөлөрдүн биринчи форумун өткөрдү. Бул өтө маанилүү кадам болду», - деп айтты экс-президент.