Азия чемпиондору Бакай-Ата жаңы конушунда
May 15, 2019, 06:0014-майда шахмат боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, Азиянын чемпиону Айжан Съездбекова менен шахмат, дзюдо боюнча чемпион Алмаз Съездбеков Бакай-Ата жаңы конушунун №85 орто мектебинин окуучулары менен жолугушту.
Бул жолугушуунун негизги максаты – жаңы конуштун жаштарын шыктандыруу, убактыларын туура пайдаланууга багыт берүү жана кыздарга өзүн өзү коргоого мүмкүнчүлүк түзүп берүү.
Алгач “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун координатор-мобилизатору Чынара Абдыраимакунова балдарга чемпиондордун үй-бүлөсү тууралуу маалымат берип, алардын ийгиликтери кандай жол менен келгендигине токтолду.
“Кыргызстандын Туусун желбиретип келе жаткан Съездбековдорго ыраазычылык билдиребиз. Биздин балдарыбыз, кыздарыбыз азыркы талапка ылайык көндүмдөрүн өстүрүүгө, атаандаштыкка туруштук берген балдардан болсун, чемпион болсун деп жана өсүп келе жаткан муундарга үлгү катары жайылтуу максатында бүгүнкү жолугушууну уюштуруп жатабыз. Ар бир бала таланттуу, ал эми ийгиликке жетүү үчүн баланы ар тараптуу өнүктүрүүгө шарт түзүлүшү зарыл”, - деди Ч.Абдраимакунова жана бир үй бүлөнүн 9 баласынын ичинен алтоонун ар бирөө Кыргызстандын 3-11 жолку чемпиондору, Азиянын 3 жолку чемпиондору болгондугун баса белгилеп, ата энелерди баланы өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырды.
Чемпиондордун устаты, атасы Съездбек Таштакеев окуучуларга жана ата-энелерге алардын жан дүйнөсүнө өзгөртүү киргизүү максатында келгендигин айтып, буларга токтолду: - Биздин ниет - силердин умтулууңарды, намысыңарды ойготуу. Эртеңки күнү биз дагы Кыргызстандын желегин желбиретишибиз керек, Кыргызстандын Гимнин эл аралык, дүйнөлүк деңгээлде ырдатышыбыз керек деген сезимди ойготуу.
Айжандын 20 ашык кубокторун, медалдарын, грамоталарын көргөн окуучулар абдан кызыгышып, таң калышты жана көздөрү жайнап турду. Чемпиондордун атасын кунт коюп угуп, өздөрүн кызыктырган суроолорун берип жатышты.
5-класстын окуучусу Канатбек уулу Азимбекке Съездбек Таштакеев өзү канча жашынан баштап шахмат ойногону жана кызы Айжан атасынан утулабы деген суроого жооп алуу кызык болду.
Балдарга Айжан кайсы кесипти жакшы көрөөрүн билүү да кызык болду, анткени ал шахматтан сырткары дагы бир канча ийримдерге барат.
Биздин чемпион кызыбыз дүйнөдөгү эң жаш гроссмейстер болоорун билдирди.
Айжан менен шахмат ойноону каалаган балдардын саны өтө көп болду. Айжан шахматты бир убакта 14 киши менен ойноп (анын 13 мектеп окуучусу, бирөө чоң ата), баардыгын 40 мүнөткө жетпеген убакытта утуп койду. Оюн өтө кызуу болду, мектептин директору окуучуларга дем-күч берип, Айжан менен тең оюн көрсөткөнгө ардак грамота берээрин айтып турду. Чемпион менен болгон таймашууда акыркы оюнчу болуп калган 3-класстын окуучусу Эрбол Джумагуловду классташтары колун кармап, чемпион менен жарым сааттан көбүрөөк убакыт ойногонун баалап, куттуктап жатышты.
Дзюдо боюнча мастер классты Айжан менен кичинекей Нурсултан көрсөттү. 5-класстын окуучусу Алкамиль Айбеков өз каалоосу менен суранып, дзюдо боюнча чемпион Алмаз Съездбеков менен бир канча ыкмаларды көрсөтүштү.
Бул жолугушууга катышкан үч баланын апасы Анара Садырбаева шахмат аябай таасир калтырганын мындай деп айтты: -Азыр ойлосом ушул күнгө чейин балдарыма шахмат ойногонду такыр үйрөтпөптүрмүн. Бүгүнкү жолугушуудан соң сөзсүз түрдө уулумду шахмат ийиримине берем деп калдым. Кызым болсо 2-класста окуйт, сегиз ийримге барат.
Жолугушуунун соңунда мектептин директору Муратбек Жумалиев сөзсүз түрдө окуучулар арасында шахмат боюнча турнир уюштураарын билдирди.
Бул жолугушуулар “Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө” долбоорунун алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан, ЮНФПА Кыргызстандын колдоосу менен өткөрүлүүдө.