Талас шаарында Искусство фестивалы болуп өттү

May 14, 2019, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 11-май күнү Талас шаарында Балдардын искусство фестивалы болуп өттү. Иш чаранын максаты - Талас облусундагы балдарды, жаштарды жана жалпы элди искусствонун ар кандай түрлөрү менен тааныштыруу, кызыгуусун арттыруу жана искусство менен алектенгиси келген таланттуу балдарга колдоо көрсөтүү.


Искусство фестивалын КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева жана КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү М.М.Мураталиев ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөштү.


Р.Отунбаева өзүнүн сөзүндө балдар үчүн эстетикалык өнүгүүнүн маанисине токтолуп, аларды фестивалда уюштурулуп жаткан мастер-класстарга колдон келишинче көбүрөөк катышууга чакырды.


Аталган иш чарага балдар да, жаштар да, ата-энелер да көп келип катышышты. Алардын арасында Ч.Айтматовдун чыгармаларынын каармандарынын - “Ак кемедеги” баланын, бугу эненин, Биринчи мугалимдин,Алтынайдын, Акбаранын,Манкурттун, Султанмураттын, Мырзагулдун костюмдарын кийгендер болушту. Алар Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча каармандардын костюмдарына арналган сынактын катышуучулары эле. Булар Артфестивалдын көркүн ого бетер ачышты. Мындан тышкары иш чара учурунда дилбаян, сүрөт жана жаш китеп окуучулар деген аталыштардагы үч сынактын да жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.


Иш чара учурунда төрт аянтчада сүрөт тартуу, керамика (гончардык искусство), бедизчилик, кийиз басуу, сайма сайуу, чий куурчак жасоо ж.б. боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Келгендер дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү сүрөт тартуунун түрлөрү: граттаж-түктө сүрөт тартуу, эбру (сууда сүрөт тартуу боюнча түрк искусствосу), квилинг (кагаздын жука катмарынан жасалган фигуралар, бул искусство Англиядан келген), Индонезиянын искусствосу болгон батик- кездемеде сүрөт тартуу боюнча тааныша алышты. Ошондой эле Өнүгүүнүн япон борбору япон барабандарында ойноо боюнча мастер класс өткөрдү. Азиянын чемпиону Айжан Съездбекова жана Робоскай борбору фестивалдын коноктору болушту.


Артфестиваль "Оодэдайко" япон барабанчыларынын, “Тумар” бий тобунун Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын жаш балериналарынын жана Э.Асаналиев жетектеген Президенттик “Манас” камералык оркестринин катышуусундагы гала-концерт менен соңуна чыкты.


Белгилей кетсек, Балдар фестивалына 4000ге жакын адам келип катышты. Мындай иш чара балдардын искусствонун ар кандай жанрлары менен таанышуусуна шарт түзүп, жашоо жолунда искусствону сүйүүгө, аны ке сип катары тандоого шыктандыраарына шек жок. Демек, Фестиваль балдардын, жаштардын башын бириктирген маданий окуя гана болуп калбастан, алардын талантын ачууда, жана кызыгуусун жаратууда да мааниге ээ болду. Бул иш чара маданий көп түрдүүлүккө толеранттуу инсанды калыптандыруу , аны искусствонун түрлөрү аркылуу дүйнөлүк маданий баалуулуктарга аралаштыруу деген узак максатты да көздөйт.


Балдарга арналган артфестивалдын алкагында К.Медетбеков атындагы Талас облустук театрында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан даярдалган поэзия кечеси болуп өттү. Ыр кечеге КР Эл акыны Анатай Өмүрканов жана жаш акындар Алтынбек Исмаилов, Акбар Кубанычбеков, Рыскүл Изатова катышышты. Кечени таланттуу акын А.Исмаилов алып барды. Иш чара учурунда акындар өздөрү жазган ырларды окуп беришти. Бири бирине тамашалуу ырларын окуп, ыр таймаш өткөрүштү. Көрүүчүлөргө А.Өмүркановдун сөзүнө жазылган обондуу ырлар тартууланды. А.Кубанычбеков болсо өзүнүн сөзүнө жазылган “Мурас” аттуу обондуу ырын аткарып берди.


Кеченин соңунда Р.Отунбаева чыгып сүйлөп, иш чарага өзүнүн жогорку баасын берди жана катышкандарга ыраазычылыгын айтты.