Тынчтык, ынтымак үчүн уюштурулган «Ынтымактуу конуштар» спартакиада максатына жетти!

May 13, 2019, 06:00

2019-жылдын 11-майында Бишкек шаарынын 10 жаңы конушунун арасында өтүп жаткан “Ынтымактуу конуштар” Лигасы аттуу спартакиаданын финалдык оюндары өтүп, жеңүүчүлөрү аныкталды.


Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинен тарта өтүп жаткан спартакиадада “Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу, ынтымакты бекемдөө” долбооруна пилоттук болуп кирген Ак-Ордо, Рухий-Мурас, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Тилек, Бакай-Ата, Эне-Сай, Ак-Бата конуштарынын 18 жаштан жогорку жашоочуларынан түзүлгөн командалар футбол, волейбол боюнча таймашууда.


11-майда Ак-Тилек жаңы конушунда футбол боюнча өткөн финалдык оюндардын жыйынтыгында Жеңиш жаңы конушунун курама командасы 3-орунга ээ болушту. Биринчиликке таймаш өтө кызуу болуп, Ак-Тилек конушу менен Көлмө конушунун эсеби 1:1 болуп, Көлмө Ак-Тилекти пенальтиден утуп алды, жыйынтыгында Көлмө 1-орунга, Ак-Тилек 2-орунга ээ болушту. Бул спорттук таймаш болгондуктан, биринчиликке оюндар өтүп жаткан учурда командалар, аларды колдоп келгендердин арасында түшүнбөстүктөр болбой койгон жок. Бирок, баардыгы тынчтык, биримдик, достук үчүн ойнолуп жаткан спартакиада экениндигин бири-биринин эсине салуу менен, эң башкысы утуш эмес, эң башкысы бул катышуу жана ынтымакты ширетүү максатын иш жүзүндө далилдешти.


Волейбол боюнча 3-орунга Эне-Сай конушу татыктуу болду. Ак-Ордо менен Бакай-Ата конуштарынын ортосундагы биринчиликке болгон кызуу оюндун жыйынтыгында Ак-Ордо конушунун командасы күчтүүлүгүн көрсөттү.


Оюндарга командалардан сырткары, конуштардын тургундары, жаш лидерлери, мектеп окуучулары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү активдүү катышып, өз командаларына дем-күч берип, конуштардын тургундары бири-бири менен таанышышып, достук мамилелер түзүлдү. Ал тургай, Бакай-Ата конушунун коомдук ден соолук комитетинин тең төрайымы Осмонова Мария төмөндөгү ыр саптарын катышуучулурга тартуулады:


Уткандар жатса шаңданып,

Куттукташып майлашып.

Утулгандар калгандыр,

Алдырдык деп арданып.

Бүгүнкү кедей эртең бай, кыштан кийин келет жай.

Уткандарды куттуктайм! Утулгандарды эмдиги жылкы утушу менен куттуктайм.


Ал эми аркан тартыш боюнча мелдештер 18 майда өтөт, ага конуштардын 18 жаштан жогорку жаш курактагы тургундары катышат. Бул мелдештин өзгөчөлүгү команданын курамы эркектерден жана аялдардан тургандыгында.


Мындай спорттук мелдештер аркылуу конуштар арасында тынчтык, ынтымак, биримдик бекемделди деп айтсак жаңылышпайбыз. Анткени жети жаңы конуштардын (Жеңиш, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Көлмө, Эне-Сай, Ак-Тилек жана Бугу-эне багыш) жаш лидерлери “Бишкек бириккен конуштары” аттуу жаштардын уюмун түзүштү.


Спартакиаданын салтанаттуу жабылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи, катышуучулардын парады жана чоң программадагы концерт менен 18-майда “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо комплексинде өтөт.


Бул демилге БУУнун үч агенттиги – ЮНФПА (Калкты жайгаштыруу фонду), ЮНИСЕФ (БУУ балдар фондусу), БУУ БКБ (Баңги заттар жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгы) тарабынан жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду, Бишкек шаарынын мэриясы менен биргелешкен долбоордун алкагында өткөрүлүүдө.