«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын майына иш-чараларынын дайджести

May 1, 2019, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын

 

2019-жылдын майына

 

иш-чараларынын дайджести

 




4-май – «Кыргызстандын санариптик мууну: ИКТ билим берүүдө жана IT билим берүү» темасына жетинчи Билим фестивалы

Качан: 4-май (ишемби, Билим фестивалынын 2-күнү)

Кайда: Бишкек шаары

Өткөрүү аянтчасы: Эмен Паркы, «Сейтек» Балдар жана өспүрүмдөр улуттук борбору, К. Баялинов атындагы Республикалык китепкана,

Ч. Айтматов атындагы Орус драма театры

Жыл сайын Фестиваль бир нече сахналарды жана 12ден ашык удаалаш интерактивдүү аянтчаны бириктирет.

Билим фестивалынын башкы максаты – өсүп келаткан муунда билимге жана чыгармачылыкка кызыгууну ойготуу, балдарга наристе курактан тартып өз алдынча ой жүгүртүүгө умтулууну каныктыруу, кесип тандоодо аларга жардам берүү, ал эми ата-энелер үчүн – билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн (акысыз жана ак төлөнүүчү) кеңири спектри менен таанышуу жана аларды билүү.


Быйылкы жылы фестивалдын алкагында төмөнкүдөй багыттар боюнча он эки удаалаш чыгармачыл аянтчалар иштемекчи: концерттик аянтча, Билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн ярмаркасы, IT аянтчасы жана Z мууну, РДИТА Алтын Түйүн аянтчасы, IT Билимбектин Лабораториясы, Театрдык аянтча, Акылдуу эс алуу: китептер жана оюндар, Гүл ярмаркасы жана Кол өнөрчүлөрдүн ярмаркасы, Билимбектин жомок лабораториясы, Бий аянтчасы, Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт аянтчасы.

Тили: орус/кыргыз

Телефон: 0555 788825 (Жээмбаева Н., долбоордун ассистенти)


 



11-май - Талас шаарындагы балдардын көркөм өнөр фестивалы

Качан: 11-май

Кайда: Талас шаарынын борбордук аянты

Фестивалдын программасы көркөм өнөрдүн ар кандай түрлөрү (живопись, скульптура, бий, вокал, колдонмо көркөм өнөр ж.б.) боюнча мастер-класстардан турат, ошондой эле флешмобдор жана чыгармачыл ЖОЖдор менен мектептердин ачык эшик күнү, анын алкагында таланттуу балдар педагогдордо угуудан жана кароодон өтө алат. Фестиваль Хореографиялык окуу жайдын окуучулары, «Манас» Камералык президенттик оркестри жана «Тумар» тобу катышкан концерт менен аяктайт.

Телефон: 0707471879 (Джакыпбекова А., долбоордун координатору), 0550776627 (Курманалиева А., долбоордун ассистенти)



13-18-май – Шахмат жана дзюдо боюнча Азиянын жана Кыргызстандын көп жолку чемпиондору Сьездбекова Айжандан жана Сьездбеков Алмаздан мастер-класстар

Качан: 13-майдан 18-майга чейин

Кайда: пилоттук турак-жай конуштарында

Иш-чаранын максаты – жаштар жана ата-энелер арасында спортту даңазалоо, ошондой эле тынчтыкты жана ынтымакты алга илгерилетүү боюнча жаштар демилгелерин колдоо. Катышуучулар – 10 пилоттук турак-жай конушунун (Ак-Ордо, Ак-Бата, Калыс-Ордо, Бакай-Ата, Рухий-Мурас, Мурас-Ордо, Көлмө, Жеңиш, Эне-Сай, Актилек) улан-кыздары жана активист ата-энелери.

Тили: кыргыз

Телефон: 0559737373 (Абдыраимакунова Ч.Т., долбоордун координатор-мобилизатору), 0700321100 (Кийизбаева Н.К., долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси)



18-май – Аркан тартуу боюнча мелдештер жана «Ынтымактуу конуштар» Лигасы Спартакиадасынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо

Качан: 18-май, саат 10.00дө

Кайда: кошумча кулактандырылат

Иш-чаранын максаты – спорттук оюндар аркылуу тынчтыкты жана ынтымакты алга илгерилетүү боюнча жаштар демилгелерин колдоо. Катышуучулар – 10 пилоттук турак-жай конушунун (Ак-Ордо, Ак-Бата, Калыс-Ордо, Бакай-Ата, Рухий-Мурас, Мурас-Ордо, Көлмө, Жеңиш, Эне-Сай, Актилек) бардык тургундары.

Тили: кыргыз

Телефон: 0559737373 (Абдыраимакунова Ч.Т., долбоордун координатор-мобилизатору), 0700321100 (Кийизбаева Н.К., долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси)


 



22-май – 10 пилоттук ГСВга медициналык жана компьютердик жабдууну тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара

Качан: 22-май

Кайда: Көлмө турак-жай конушу

Иш-чаранын максаты – Бишкек шаарынын 10 пилоттук турак-жай конушунун тургундары үчүн сергек жашоо ыңгайын алга илгерилетүү жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу.

Катышуучулар – КР Саламаттык сактоо министрлигинин жана пилоттук ГСВлардын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэриясынын, МТУнун өкүлдөрү, ОКЗнын мүчөлөрү жана пилоттук: Ак-Ордо, Ак-Бата, Калыс-Ордо, Бакай-Ата, Рухий-Мурас, Мурас-Ордо, Көлмө, Жеңиш, Эне-Сай, Актилек турак-жай конуштарындагы долбоордун компонентинин активисттери, катышуучулары.

Тили: кыргыз

Телефон: 0559737373 (Абдыраимакунова Ч.Т., долбоордун координатор-мобилизатору), 0700321100 (Кийизбаева Н.К., долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси)



28-29-май – «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» республикалык конференциясы

Качан: 28-29-май

Кайда: “Кыргызское взморье” санаторийи (Бостери айылы)

Конференциянын катышуучулары – жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун педагогдору, тарбиячылары, уюштуруучулары, жайыт комитеттеринин өкүлдөрү, ЖӨБнын өкүлдөрү, ЖОЖдордун жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү.

Конференциянын максаты:

1. Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун 2018-жылдагы жайкы сезонунун жыйынтыктарын чыгаруу.

2. 2019-жылга борборлордун пландарын талкуулоо.

Тили: кыргыз

Телефон: 0556549154 (Арстан Сагынтай уулу)





Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү үчүн семинар.

Качан: так датасы кошумча кулактандырылат

Кайда: "Хаятт Ридженси Бишкек" отели

Семинардын темасы – Бюджеттик процесс. Катышуучулар: Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, комитеттердин төрагалары, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү.

Тили: орус

Телефон: 0559737373 (Абдыраимакунова Ч.Т., долбоордун координатор-мобилизатору), 0700321100 (Кийизбаева Н.К., долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси)