«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ чыгарган көркөм өнөр жөнүндө балдар китептеринин сериясы «Китеп көркөм өнөрү» деген улуттук конкурстун Гран-присин алды

May 1, 2019, 06:00

Бишкекке К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепканада Китептин жана автордук укуктун бүткүл дүйнөлүк күнүн салтанаттуу белгилешти, ал быйылкы жылы «Китеп окуган бала – бул гүлдөп-өнүккөн Кыргызстан» деген девиз астында өтүп жатат.

 

Бардык меймандар жана кичинекей окурмандар үчүн концерттик программа уюштурулду, ал эми «Китеп көркөм өнөрү» деген улуттук конкурстун жеңүүчүлөрүнө баалуу байгелер жана белектер тапшырылды.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ чыгарган көркөм өнөр жөнүндө балдар китептеринин сериясы КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өткөрүп жаткан «Китеп көркөм өнөрү» деген улуттук конкурстун Гран-присин алды.

 

Эске сала кетели: 2018-жылдын декабрында төрт китеп жарык көргөн, алар биздин замандаштарыбыз алектенген төрт чыгармачыл кесип жөнүндө айтып берет.

«Юрист болбой калган... Юристанбек» деген китеп КР Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев жана живопись жөнүндө,

«Айман. Биринчи скрипка» деген китеп скрипка музыкасы жана белгилүү казакстандык скрипачка, Казакстандын Эл артисти Айман Мусахаджаева жөнүндө,

«Исмаилдин сыйкырдуу үнү» деген китеп опера жана Өзбекстандын опералык аткаруучусу, Өзбек ССРинин Эл артисти Исмаил Джалилов жөнүндө,

«Муратбек жана анын музыкага карай жолу» деген китеп композитор, КР Эл артисти Муратбек Бегалиев жана классикалык музыка жөнүндө.

Китептерди сатып алуу маселелери боюнча төмөнкүдөй телефонго кайрылууга болот: 660368