ГСВ үчүн позитивдүү ой жүгүртүү боюнча тренинг

May 3, 2019, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 29-30-апрелинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Медициналык кызматкерлердин пациенттер менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу аркылуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу» темасына эки күндүк тренинг өткөрдү.


Бул тренингге ГСВнын жетекчилери, медициналык кызматкерлер, РЦУЗ, БЦУЗдун адистери жана «Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» долбоору боюнча 10 пилоттук турак-жай конушунун ОКЗ мүчөлөрү катышты.


Тренингдин экинчи күнү көбүнесе практикалык болду, ал жерде катышуучуларга ар түрдүү, атап айтканда, эгерде врачка төртүнчү баласы боюнда бар аял келсе жана өзү өтө агрессивдүү болсо, ал эмне кылууга тийиш деген сыяктуу практикалык тапшырмалар берилди. Тренингдин катышуучулары ушунчалык жигердүү катышкандыктан, практикалык сабактар театралдык оюн-зооктор менен коштолду.


Тренингдин катышуучуларынын бири, Ак-Тилек турак-жай конушунун №6 ГСВнын жетекчиси Акылай Эсенгелдиева айткандай, алар ушундай трениндерге өтө муктаж.


«Эгерде адамга аба дем алуу үчүн керек болсо, бул тренинг менин мээм үчүн зарыл болду. Мээ – бул бүткүл жашоонун кыймылы. Биздин кесипте адамдар менен баарлашуу өтө кыйын. Баары бир адамдар ар түрдүү, өзгөчө денеси гана эмес, ошондой эле жан-дүйнөсү жана психикасы оорулуу пациенттер келет. Мында өзүңдүн дениң сак болушу керек, башкача айтканда, алардын бизге карата мамилесин көтөрө билүү жана мында позитивдүү ой жүгүртүү керек», - дейт А.Эсенгелдиева.


Ошондой эле ГСВнын жетекчиси өзүнүн кызматкерлерин, андан соң өзүнүн үй-бүлөсүн, анан, албетте, пациенттерди позитивдүү ой жүгүртүүгө үйрөтүүгө ниеттенип жатат.


Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун ден соолукту чыңдоо боюнча адиси Гүлбайра Абдраимова айткандай, тренингдин темасы бүгүнкү күндө өтө актуалдуу.


«Советтер Союзу кыйрагандан кийинки, соңку учурдагы окуяларга таяна турган болсок, биздин муун өтө көп оорчулуктарды жана терс нерселерди башынан өткөрдү. Анын үстүнө ушулардын бардыгы биздин жашообузга жана биздин ишибизге таасир этти. Бул тренингдин актуалдуулугу мында турат: ал бизге эң жакшы нерселерге жана келечекте мыкты ийгиликтерге жетишем деген үмүттү берет, натыйжада биз өзүбүздүн ой жүгүртүүбүздү өзгөртүшүбүз керек, ийгиликтерге жетишүү үчүн биз биринчи кезекте терс нерселерден арылууга, өз ойлорубузду жана аракеттерибизди жакшы жагына бурууга тийишпиз», - деп белгиледи Г.Абдраимова.


Анын айтымы боюнча, мындай тренингдерди ГСВлардын кызматкерлери үчүн гана эмес, ошондой эле бүтүндөй алганда жаштар үчүн жана улуу муун үчүн, саламаттык сактоо жана билим берүү кызматкерлери үчүн өткөрүү керек.


Тренинг учурундагы позитивдүү жагдай катышуучулардын поэтикалык жөндөмдөрү жана шыгы ойгонушуна алып келгенин белгилеп кетүү керек. Алсак, Бакай-Ата турак-жай конушунун ОКЗнын тең төрагасы Осмонова Мария төмөнкүдөй ырларды даярдыгы жок туруп эле чыгарып жана бардык катышуучуларга кайрылды, ошондой эле жогорку инттелектуалдуулугу, бардык катышуучуларга карата сезимтал мамилеси жана материалдарды берүүнүн «жеңил методу» үчүн машыктыруучу чоң ыраазычылык билдирди:

Мен адаммын алла таалам жараткан

Бул дүйнөгө урпактарды тараткан,

Эрк өзүмдө жаман болуу жакшыбы

Шамаал жиреп улам алга баратам.

Билимдин ичтик булагын,

Жандырдык акыл чырагын.

ОКЗ болуп көпүрө,

Достуктун ырын курадым.


Позитивдүү ой жүгүртүү боюнча тренингди «Ынтымактуу конуштар» долбоорунун координатору, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын программалык менеджери Сагипа Джусаева өткөрдү.