Жибек жолу: Музей - мамлекеттин жүзү

May 3, 2019, 06:00

Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү 5-апрелде башталган. Жыйырма күнгө созулган бул көргөзмөдө Жибек жолу аралап өткөн өлкөлөрдүн тарыхы, маданияты, каада-салты, тамак-ашы, биомаданий өзгөчөлүктөрү жана кен байлыктары көрсөтүлдү. Музей жетекчилигинин маалыматына караганда 15 миңге жакын көрүүчү келип, рекорддук көрсөткүч болду. Көргөзмө "Бүгүнкү күндөгү музейлердин абалы" деген тегерек үстөл талкуусу менен жыйынтыкталды.