FINCA Банк «Жайлоо өнүгүү борборлоруна» колдоо көрсөтүүнү улантууда

August 21, 2019, 06:00

2019-жылы Кыргызстандын жайлоолорунда 114 “Жайлоо өнүгүү борборлору” ачылып, жай мезгилинде балдарга билим беришти. “Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоорунун өнөктөшү FINCA Банк бешинчи жыл катары канцеляриялык товарлар, балдардын аң сезимин өнүктүрүүчү оюнчуктар жана башка керектүү буюмдарды берип жардам көрсөтүп келе жатат.

 

Быйыл банктын Кочкор-Атадагы филиалы Ноокен районунун Кызыл-Кыштак айылындагы “Нур-Айым” жайлоо өнүгүү борборуна, Нарын филиалы Нарын облусунун Кара-Бүк жайлоосундагы “Эмгекчил келечеги” борборуна, Өзгөн районунун филиалынын өкүлдөрү Сары-Булак айылынын Ажике жайлоосундагы “Балазат-5” ЖӨБ барып, керектүү буюмдарды тапшырып, ачылуу аземине катышышты.

 

ЖӨБ тарбияланып жаткан балдар, ата-энелери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондуна жана долбоорго колдоо көрсөтүп жаткан FINCA Банкка ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалашты.