Кыргызпатент менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду Инновация чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол койду

September 20, 2019, 06:00

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2019-жылдын 20-сентябрында Кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол койду, деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматы.

 

Кыргызпатенттин төрагасы Динара Молдошева инновациялык борборду түзүү, стартаптарды жана бизнес пландаштырууну түзүү чөйрөсүндө окутуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнүн маселелерин Фонддун аткаруучу директору Догдуркуль Кендирбаева менен талкуулады.

 

Д.Молдошева интеллектуалдык менчикти жана инновацияны өнүктүрүү жагындагы чаралар жөнүндө айтып берди, ошондой эле Кыргызпатенттин Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында новаторлор үчүн көп профилдүү инновациялык борборду түзүү ниети жөнүндө кеп кылды, ал «бирдиктүү терезе» принциби боюнча иштеп жана идеяларды бизнеске айлантуу боюнча ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдү бермекчи.

 

Д.Кендирбаева Фонд ишке ашырып жаткан эл аралык долбоорлор жөнүндө айтып берди.