Шахмат, дзюдо боюнча АЗИЯ чемпиондору жаңы конуштарда

April 30, 2019, 06:00

Шахмат боюнча бир нече жолку Азия чемпиондору Айжан Съездбекова менен Алмаз Съездбеков 26-апрелде Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушунун №86 орто мектебинде, мектеп окуучуларына жана тургундарына мастер класс өтүштү.


“Ынтымактуу конуштар” долбоорунун кординатор –мобилизатору Чынара Абдыраимакунова иш-чаранын максаты жөнүндө маалымат берип, Съездбековдордун үй бүлөсүнүн ийгилиги, аларга бир нече жылдан бери КР экс-Президенти, Фонддун негиздөөчүсү Роза Отунбаева колдоо көрсөтүп келе жаткандыгын баса белгиледи. Ошондой эле, баланы ар тараптуу өнүктүрүүдө спорттун мааниси зор экендигин айтып, бул жолугушуу “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун алкагында, жаштар арасында спорт аркылуу ынтымакты бекемдөө, өзгөчө кыздар үчүн спорттун дзюдо, күрөш, таэквандо, каратэ сыяктуу түрлөрүн үйрөтүүнү жайылтуу, жаңы конуштардын жаштарына бош убактысын туура пайдаланууга багыт берүү экендигин айтты.


Мастер класска шахмат ойногонду билгени да билбегени да, окуучулар менен бирге ата-энелери келип катышып, чемпиондор менен шахмат ойношту. Ата-энелерге чемпиондордун атасы, устаты Съездбек Таштакеевтен кеңеш алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Чемпиондорго окуучулар тарабынан ар кандай суроолор берилип, мектеп окуучусу Байтур Турарбеков билим алууга шахматтан кандай жардам тиерин Алмаздын атасы Съездбек Таштакеевтен сурап, мындай жооп алды: “Кыргызстандын шахмат боюнча 6 жолку, Азия чемпионатынын коло медалдуу чемпиону, каратэ, дзюдо, математика боюнча көптөгөн олимпиадалардын жеңүүчүсү. Бул жетишкендиктердин баардыгы билим аркылуу келип жатат”.


Ал эми мектеп окуучусу Темир Жаныбековко Айжан канча мамлекетке барып келгендиги кызык болду. Айта кетсек сегиз жаштагы Айжан Малайзия, Таиланд, Россия, Казакстан, Монголия жана акыркы жолу Шри-Ланка мамлекетинде алтын медалдын ээси болду.


Мектеп директору Саламат Көлбаева да сөз сүйлөп, чемпиондордун келиши мектепке келген кут экенин билдирди. Айжанга өзүнүн чакан белегин тартуулап, Алмазга №86 орто мектебинин окуучуларына шахмат, дзюдо, каратэ боюнча мугалим кылып алып каларын айтты. Мындай кабарды отурган окуучулар чоң сүйүнүч менен кабыл алышты. Ар бир окуучунун көздөрү жайнап, ушунчалык кичинекей, жөнөкөй, сүйкүмдүү кыз-Айжан менен сүрөткө түшүп, автографын сурап, философиялык терең маанилүү суроолорду беришкендиги катышуучуларды жана мугалимдерди да таң калдырды. Балдардын жүрөгүнүн тереңинде Айжанга, Алмазга жана алардын атасы Съездбекке ыраазычылык менен, өздөрү да ушундай ийгиликтерге жетээрине ишенич пайда болгондугу көрүнүп турду. Айжан шахмат боюнча мастер класста мектептин тогуз окуучусу жана бир мугалимди утуп алды. Окуучулардын ичинен 6-класстын окуучусу Нурзада Юлдашова оюндун аягына чейин туруштук берип, бирок ал дагы чемпион кызга багынууга аргасыз болду. Мунун баарына күбө болгон адеп сабагынын мугалими, балдар жазуучусу Аман Кармышаков Съездбековдордун үй бүлөсүнүн жетишкендиктерине ушунчалык таасирленгенинен улам, Айжан жана Съездбековдордун феномени тууралуу чыгарма жазаарын билдирди жана өзүнүн автордук китебин белек кылды.


Жолугушуунун соңунда Съездбек, өсүп келе жаткан муун жана ата-энелер менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берген Роза Исаковнага жана Фондго ыраазычылык билдирип, ошону менен бирге ар бир бала таланттуу экендигин, ага ата-энелер, мугалимдер булактын көзүн ачкандай, баласынын талантын убагында байкап, аны шыктандырып, багыт көрсөтсө сөзсүз ийгилик болоорун айтты.


Мастер-класстар “Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө” долбооруна Бишкек шаарынын пилоттук болуп кирген 10 жаңы конушунун тургундары үчүн “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду, БУУ Калкты жайгаштыруу фонду тарабынан ишке ашырылууда.