Конуштардын тургундары активдүү жашоо үчүн!

April 30, 2019, 06:00

Ушул жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарындагы Каражыгач паркында шаарыбыздын 10 жаңы конушунун тургундары дене тарбия боюнча норматив тапшырышты.


Иш-чаранын максаты – спорттук мелдештер аркылуу конуштар ортосундагы ынтымакты, тынчтыкты бекемдөө, социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү, жаштарга спортко, ден соолукту чыңдоого багыт берүү.


Дене тарбия боюнча нормативтерди “Ынтымактуу конуштар” долбооруна пилоттук болуп кирген Бишкектин 10 жаңы конуштарынын (Ак-Ордо, Ак-Тилек, Ак-Бата, Бакай-Ата, Калыс-Ордо, Көлмө, Рухий-Мурас, Жеңиш, Мурас-Ордо, Эне-Сай) 18 жаштан 69 жашка чейинки тургундары тапшырышты. Мелдешке аял жана эркектер өздөрүнүн жаш курагына жараша беш группага бөлүнүп, 60-100 метрге чуркоо, ордунан узундука секирүү, өз салмагы менен отуруп туруу жана спорттун башка түрлөрү боюнча катышышты.


Бишкек шаарынын Свердлов районунун акиминин орун басары Чынара Борбашева, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун координатор-мобилизатору Чынара Абдыраимакунова сөз сүйлөшүп, катышуучуларды спорт менен машыгууга чакырышып, аларга ийгиликтерди каалашты.


Мелдешүүнүн активдүү катышуучусу, Кѳлмѳ конушунун тургуну, Коомдук ден соолук комитетинин мүчѳсү, 61 жаштагы Ордогүл Доскулова нормативтерди тапшыруу спорттун сүйүүчүлөрүнө өтө оор деле болбогондугун айтып, төмөндөгүлөргө токтолду: Көптөн бери мындай зарядкаларды кылбай жүргөнгө, кичине гана денем ооруп калды. Буга карабастан, мен спортту абдан жакшы көрөм. Денени чыңалтуу үчүн иштелген спорттук кыймылдарга көп убактымды бөлө албасам дагы, аны жасоого ар дайым аракет кылып келем. Бул иш-чарада спорттун керектигин чын жүрөгүм менен сездим. Көлмө конушунун командасынын эң улуусу мен болдум, айтаарым жаштар биздин жашка келгенче спорт керек экендигин туура түшүнүшүп, “бизден улуу кишилер катышып жатса, биз эмнеге катышпайбыз” деген ой пайда болсо экен деген ниет менен бүгүнкү иш-чарага катышып жатам. Спорт биринчиден ден соолукка керек, жаш карыга карабай, ар кайсы конуштардын тургундары менен бирге ынтымактуу нормативтерди тапшырып жатабыз.


Конуштардын тургундарын шыктандыруу максатында шахмат боюнча Азия чемпиондору сегиз жашар Айжан Съездбекова менен шахмат, дзюдо, каратэ боюнча чемпион Руслан Съездбеков мастер класс өтүштү. Чемпиондордун атасы Съезбек Таштакеев конуштардын тургундарына лекция окуп берип, балдарга канча эмгек жумшалса, ошончо үзүрү болоорун айтты.


“Ар бир балада ар кандай талант бар. Ар бир ата-эне булактын көзүн ачкандай, баласынын талантын убагында байкап, аны шыктандырып, багыт көрсөтсө сөзсүз ийгилик болот. Ошондуктан ата-энелер, мугалимдер убакытты текке кетирбешибиз керек. Бул жерде турган ар бир медалдын артында талыкпаган эмгек бар”, - деп айтты чемпиондордун атасы С.Таштакеев.


Тогуз баланы татыктуу тарбиялап, өстүрүп, системалуу түрдө машыктырып келе жаткан С.Таштакеевке анын кызы Айжанга жана баласы Русланга ак сакалдар мындан ары да ийгиликтер коштоосун жана дүйнөнүн чемпиону болушун каалап, баталарын беришти.


20-апрелде ачылган Лига “Ынтымактуу конуштар” спартакиадасынын алкагында конуштардын тургундары 4-11-майларда Ак-Ордо, Эне-Сай жаңы конуштарында футбол, волейбол боюнча мелдештерди өткөрүшөт. “Ынтымактуу конуштар” спартакиаданын салтанаттуу жабылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо 18-майда өтөт.