Активисттер үчүн лагерге катышууга арыздарды кабыл алуу башталды

April 29, 2019, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ЮСАИДдин «Адамдын кадыр-баркы жана укуктары» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун Миссиясы (МУМ) менен бирдикте Активисттер үчүн лагерге катышууга арыздарды кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.


Лагердин максаты – мигранттардын укуктарын алга илгерилетүү боюнча волонтердук иш жөнүндө маалыматты мурдагы мигранттарга берүү.

 

Өткөрүү даталары: 2019-жылдын 24 – 28-июнунда Кыргызстандын Түндүгүндө жана 2019-жылдын 8 – 12-июлда Кыргызстандын Түштүгүндө.


Лагерге катышууга качандыр бир учурда МУМдан кандайдыр-бир жардам алган бардык мигранттар чакырылат. Катышуучулар 29дан 35 жашка чейинки куракта болууга тийиш.


Катышуу жана арызды орус жана кыргыз тилдеринде (Түндүк жана Түштүк үчүн өз-өзүнчө) толтуруу үчүн Сиздерден бизге (zhanybekkaparov@gmail.com) жазууну өтүнөбүз жана биз аны Сиздерге жөнөтөбүз. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2019-жылдын 10-майда.


Кабыл алынган арыздардын негизинде 40 катышуучу (ар бир Лагерге 20дан) гендердик балансты эске алуу менен тандап алынат: 50 % кыз-келиндер жана 50 % эркектер.


Лагердин натыйжасы – жергиликтүү жамааттарда мигранттардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн мигранттарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө тартуу аркылуу төмөнкүдөй багыттар боюнча активист катары мигранттардын волонтердук иши:

- адамдын укуктарын алга илгерилетүү;

- жөнгө салынбаган миграциянын тобокелдиктери, адамдарды сатуу/контрабанда жөнүндө маалыматты таратуу;

- өз таржымалдары жөнүндө айтып берүү жана тажрыйба алмашуу аркылуу коопсуз миграциянын маселелерин алга илгерилетүү;

- жамааттардын деңгээлинде социалдык жана экономикалык жактан маанилүү аракеттерди демилгелөө.


Бул Лагерге катышуу менен байланышкан бардык чыгымдарды (транспорт чыгымдары, түнөк жана тамак-аш) бардык документтерди берген учурда уюштуруучулар көтөрөт.


Сиз алда канча кең-кесири маалыматты төмөнкүдөй телефондор аркылуу ала аласыз: 0312663538, 0558585892, 0708821504