И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде «Кыз-келиндер илимде жана техникада» аталышындагы жолугушуу болду

April 24, 2019, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында “Кыз-келиндер илимде жана техникада” аталышындагы жолугушуу университеттин табигый илимдер факультетинин студенттери менен болду.


Жолугушууда “STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу” долбоорунун координатору, Кыргыз-Герман Техникалык Институтунун директору, Усупкожоева Анипа, долбоор тууралуу жана долбоордун максатын кенен тааныштырды. “Бул долбоордун максаты айымдарга багытталган. Алардын табигый так илимдер, инженерия, математика жана технология багытындагы, деги эле билимин жогорулатууну көздөйт. Себеби аялдардын билимдүүлүгү бүтүндөй коомдун билимдүүлүгү экендиги жана билимдүү аял, билимдүү, тарбиялуу баланы өстүрүп коомго кошоору анык.”- деп долбоордун координатору Усупкожоева Анипа өз сөзүндө белгилеп өттү. Ошону менен бирге ал илим жана техника өнүкпөгөн мамлекетте экономикалык өнүгүү болбостугун, өнүккөн өлкөлөр SТЕМге абдан маани беришерин кошумчалады.


Бул иш-чарага сыйлуу конок катары техника илимдеринин доктору, профессор Садиева Анаркүл да катышып, катышуучуларды өзүнүн илимий жолундагы жетишкендиктери, эмгектери жөнүндө айтып берди. Ал өз сөзүндө “Илимий ачылыштарды жасоо жана жаңы технологияларды өздөштүрүү - бул мамлекеттин өнүгүүсүнө жасалган эн чоң салым болуп эсептелинет.”- деп кыздарды убакытты туура пайдалууга, билимге, илимге умтулууга чакырды.


Катышуучулар долбордун координаторуна, сыйлуу конокко берген кызыктуу суроолоруна жооп ала алышты. Жолугушуунун аягында катышуучуларга “Тамак-аш өндүрүшүнүн машиналары жана аппараттары” жаатындагы видео көрсөтүлдү.