«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Иран Ыслам Республикасынын күнү болуп өттү

April 23, 2019, 06:00

Бүгүн, 23-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Иран өлкөсүнүн күнү болуп өттү. Иш чара Бишкектеги Иран мектебинин окуучуларынын аткаруусундагы Иран Ыслам Республикасынын гимнин ырдоо менен башталды.


Расмий ачылышында КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева сөз сүйлөп, ал “Жибек жолу” көргөзмөсү көрүүчүлөр үчүн көптөгөн өлкөлөрдүн маданиятын, тарыхын үйрөнүүдө чоӊ мүмкүнчүлүк экенин белгилеп, бул иш чараны даярдоого катышып жаткан өнөктөштөргө, анын ичинде Кыргызстандагы Иран элчилигине ыраазылык билдирди.


Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Иран Ыслам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүктүн жетекчиси Парвиз Гасеми  “Жибек жолу” көргөзмөсүн уюштурган КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаевага өзүнүн рахматын айтты. Ошондой эле Иран Жибек жолу боюнда жайгашкан мамлекеттердин бири катары өзүнүн бай тарыхы жана маданияты бар экенин белгилеп, көрүүчүлөрдү Көргөзмөдөн өз өлкөсү тууралуу кенен маалымат алууга чакырды. Эл аралык биринчи көчмө куурчак театрынын директору, дүйнө элчиси Сусан Никзат куттуктоо сөзүн айтуу менен, көрүүчүлөрдү дүйнөнү кыдырып жүргөн куурчактарын көрүүгө чакырып, Көргөзмө алкагында “Дүйнө элдери жана менин өлкөм” аталышындагы мастер –классты өткөрүү үчүн атайын Бишкекке келгени тууралуу маалымат берди.


Андан соң расмий бөлүк музыкалык номерлер менен улантылды, Бишкектеги Иран мектебинин окуучусу Фатима Мохаммади “Шахнаме” эпосунан үзүндүлөрдү окуп берди.


Көргөзмөнүн жүрүшүндө Сусан Никзат айым балдарга иран элинин салттуу оюндары “Жерди сактайбыз”, “Достуктун жибин токуйбуз” деген оюндар тууралуу да айтып берди. Ошондой эле ал боз үйдө куурчактары менен балдарды катыштырып, аларга жомок окуп берди. Ал эми фоейеде дүйнө элчиси айымдын мастер-классынан кийин көргөзмөгө келген балдар өзүнүн бою менен тең куурчактарды кездемеден жана кагаздардан жасашты. Андан тышкары персия каллиграфиясын үйрөнүү, кагаздан фигураларды жасоо, “Эл арасындагы дүйнө” аталышындагы коллаж даярдоо ж.б. боюнча да мастер класстар өткөрүлдү.


Кинозалда Иран тууралуу бир канча документалдуу кинолор жана “Мама” көркөм фильми көрсөтүлдү.


Ошондой эле Иран товарларынын, татымалдарынын , самын жана башка кир жуучу каражатарынын жарманкеси да уюштурулду, салттуу тамагы “аш-реште” жана чайы конокторго тартууланды.