Бишкектеги конуштардын арасында Лига «Ынтымактуу конуштар» спартакиада өтүүдө

April 22, 2019, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда “Ынтымактуу конуштар” Лигасы аттуу спартакиаданын салтанаттуу ачылышы “Жаңы конуштар тынчтык жана биримдик үчүн!” деген ураан менен ачылды.


Спартакиаданын ачылышында ЮНФПАнын аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Майрам Мамбетова, оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку чемпиону, КР эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиев жана Азия чемпиону, Студенттер арасындагы дүйнө чемпиону, Ислам оюндарынын чемпиону, КР эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Жолчубеков сөз сүйлөп, спартакиаданын катышуучуларына ийгилик каалап өтүштү. КР эмгек сиңирген артисттери Бакыт Ыбыкеев, Гулназ Бекбосун кызы жана “Кыргыз руху” ансамбли концерттик программа тартуулашты.


Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев келечек жаштардын колунда экендигин айтып, алар билимдүү, күчтүү, ички сезимдери таза, биримдикти, чындыкты сүйгөн жаштардан болуусун ниет кылып, буларга токтолду: “Кыргызстанда жашап жаткан элдердин ортосундагы ынтымакты, биримдикти, достукту чыңдоо маселеси бүгүн жакшы деңгээлде көтөрүлүп жатат. Биз баардыгыбыз спорт аркылуу биригип жатабыз. Спорт бул – бүткүл дүйнөдөгү ынтымакты чыңдайт, Олимпиада, Азия оюндарынын дагы негизги максаты ошол ынтымакты, биримдикти чыңдоо. Бүгүнкү күнү Бишкек шаарынын конуштарынын ортосундагы ынтымакты спорт аркылуу чыңдоо демилгесин бардыгыбыз колдоого алышыбыз зарыл деп эсептейм”.


Ал эми БУУ Калк фондусунун аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков Калк фондусу Кыргызстанда көп жылдардан бери иштеп, жаштарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү, потенциалын жогорулатуу, жаштардын лидерлиги, гендердик жана социалдык теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө - негизги максат экендигин белгиледи.


Спартакиадада 10 пилоттук жаңы конуштардын (Ак-Ордо, Рухий-Мурас, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Тилек, Бакай-Ата, Эне-Сай, Ак-Бата) 18 жаштан жогорку жашоочулары футбол, волейбол, аркан тартыш жана дене тарбиялык даярдык боюнча нормативтерди тапшырышат.


Спартакиаданын негизги максаты – тынчтыкты, биримдикти бекемдөө, социалдык жана гендердик теңчиликти спорттук мелдештер аркылуу жайылтуу болуп эсептелет.


“Ынтымактуу конуштар” долбоорунун бардык компоненттери боюнча катышуучулар: ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, кварталдык комитеттер, аялдар кеңештери, жаштар уюмдары активдүү демилге жана бийик дем менен катышып, конуштар арасындагы ынтымакты спорттук мелдештер аркылуу бекемдөөдө.


Спартакиаданын өзгөчөлүгү оюндарга жалаң 18 жаштан жогорку жашоочулар катышып, аялдар менен эркектер чогуу бир команда түзүп ойношкондугу.


Футбол жана волейбол оюндары 4-11-майларда Эне-Сай жана Ак-Ордо конуштарында өтөт. Ал эми 27-апрелде Каражыгач токой паркында конуштардын командалары дене тарбиялык даярдык боюнча нормативтерди тапшырышат. Спартакиаданын салтанаттуу жабылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо 18-майда болот.


Бул демилге “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду, Бишкек шаарынын мэриясы жана БУУ үч агенттиги – ЮНФПА (Калкты жайгаштыруу фонду), ЮНИСЕФ (БУУ балдар фондусу), БУУ БКБ (Баңги заттар жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгы) биргелешкен долбоордун алкагында өткөрүлүүдө.