Билим фестивалын утурлап: АУЦАда Бишкек шаарынын окуу бөлүмдөрүнүн башчылары үчүн кампус-тур жана воркшоп

April 2, 2019, 06:00

2019-жылдын 13-апрелинде Борбордук Азиядагы Америкалык Университетте (АУЦА) «Кыргызстандын санариптик мууну: билим берүүдөгү МКТ жана IT билим берүү» темасына VII Билим фестивалынын биринчи күнү өтөт.

 

28-мартта Бишкек шаарынын мектептеринин тарбиялоо иши боюнча өкуу бөлүмдөрүнүн башчылары АУЦАга барды, ал жерде алар үчүн жаңы технологияларды эске алуу менен курулган заманбап имарат боюнча кампус-тур уюштурулду.

 

Бул иш-чаранын алкагында Борбордук Азиядагы Америкалык Университеттетин (АУЦА) студенттердин иштери боюнча деканы Н.Г. Шульгинден Университеттин студенттер менен кызматкерлер өз каалоосу боюнча – жолугушууга, дискуссия кылууга, китеп окууга, сабактарга даярданууга, репетиция кылууга, эс алууга пайдалана ала турган ачык мейкиндиктери кантип колдонула тургандыгы жөнүндө «Биздин коридорлорубуз окутат» деген интерактивдүү презентация болуп өттү.


Өз сөзүндө ал АУЦАнын мисалында окуудан тышкаркы ишти өнүктүрүү тажрыйбасын бөлүштү, Студенттердин кодексин түзүү жөнүндө, студенттик сенаттын иши жөнүндө, иш-чаралардын календарын туура түзүү жана мониторинг зарылчылыгы жана көптөгөн башкалар жөнүндө айтып берди. Иш-чарага 80ден ашык адам катышты.

  

Маалымат үчүн:

Билим фестивалы – бул шаардык масштабдагы иш-чара, ал жыл сайын «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте жана ар түрдүү мамлекеттик, эл аралык, билим берүүчү, коомдук жана жаштар уюмдарынын колдоосу менен өткөрүлөт.

 

2019-жылы Фестивалды уюштуруучулар Кыргыз Республикасындагы ЮНЕСКОнун жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, Бишкек шаарынын мэриясы, Борбордук Азиядагы Америкалык Университет болду.

 

Демейде Билим фестивалы мектепте жана мектептен тышкары билим берүүгө өзгөчө көңүл бурат жана быйылкы жылы фестиваль аянтчаны сунуш кылат, ал жерде билим берүүдө МКТны пайдалануунун эң жаңы технологияларын, ошондой эле азыркы дүйнөдө талап кылынган IT билимдерди талкуулоо үчүн маалыматтык технология жагындагы эксперттер жана кесипкөйлөр биригет.

 

VII Фестивалдын программасы эки күнгө бөлүнгөн жана бир нече аянтчаларда өтөт:

 

Биринчи күн – 13-апрель (ишемби) Борбордук Азиядагы Америкалык Университеттетин (АУЦА) аймагында;

Экинчи күн – 4-май (ишемби), Бишкек шаарынын ортосунда пландаштырылган: Курманжан Датканын эстелигинин жанындагы аймак (башкы сахна), Пушкин көчөсү, Эмен сейил багы, Эмен сейил багынын Галереясы, Баялинов атындагы китепкана, «Сейтек» Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору, Ч. Айтматов атындагы Орус драма театры.

 

Фестиваль жөнүндө кошумча маалыматты төмөнкүдөй телефон боюнча алууга болот: 66-03-68, 0555812251 (Алена Муховикова)


Жана социалдык тармактардагы биздин беттерден:

Сайт: http://festival.roza.kg/ 

Facebook: https://www.facebook.com/festobrazovania.kg/ 

Instagram: @bilimfestkg 

Youtube канал: https://www.youtube.com/channel/UCTAPe6Pl2m2BBoWgXTUH8Og 

Хештег: #bilimfest2019