2019-жылдын апрель айына «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын иш-чараларынын дайджести

April 1, 2019, 06:00


2019-жылдын апрель айына «Роза Отунбаеванын демилгеси»


ЭКФнын иш-чараларынын дайджести






5-апрелден 28-апрелге чейин - "Жибек Жолу"интерактивдүү көргөзмөсү

Качан:  5-апрелден 28-апрелге чейин

Кайда:  Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи

Иш-чаранын идеясы – интерактивдүү методдорду пайдаланып, келгендерге Улуу Жибек жолундагы өлкөлөр жөнүндө маалымат берүү, шаарларды жана өлкөлөрдү бириктирген байыркы жана жаңы жолдун азыркы статусун жана келечектерин көрсөтүү. Көргөзмөгө ондон ашык өлкөнүн элчиликтери катышат. Иш-чаранын учурунда катышкан өлкөлөрдүн ар бири Улуттук күндүн алкагында өзүнүн маданий программасын презентациялайт, алсак, музейдин жыйын залында өлкөнүн тарыхый ажайып жерлери жөнүндө лекциялар өтөт, өлкө боюнча видео-саякат уюштурулат, ошондой эле музыкалык презентациялар, мода көрсөтүү жана башкалар өтөт.

Тили: орус/кыргыз

Телефон: 0555004240 (Осмоналиева А., логист-ассистент), 0558585892 (Капаров Ж., ассистент)



13-апрель – «Кыргызстандын санариптик мууну: билим берүүдөгү МКТ жана IT билим берүү» темасына жетинчи Билим фестивалы

Качан: 13-апрель (ишемби, Билим фестивалынын 1-күнү)

Кайда: Борбордук Азиядагы Америкалык Университет (АУЦА)

Масштабдуу «Ачык эшик күнү» (АУЦАнын кампусу боюнча экскурсиялар, ар бир факультеттин окуу процесси жана студенттердин чыгармачыл иши менен таанышуу, Тегерек стол, мастер-класстар, шаардын мектептеринин жогорку класстарынын мугалимдери жана окуучулары үчүн лекциялар жана презентациялар), ошондой эле бардык каалагандар үчүн колледждерден жана лицейлерден кесиптик багыт берүүчү көргөзмө.

Тили: орус/кыргыз

Телефон: 0555 788825 (Жээмбаева Н., долбоордун ассистенти)



18-апрель – «КР айымдары STEM’де» (Women of KR in STEM) тармагынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу

Качан: 18-апрелде саат 16.00дө

Кайда: И.Раззаков атындагы КМТУ (1-211-ауд., башкы корпус)

Жолугушуунун максаты – тармактын иш-чараларынын планын талкуулоо. Катышуучулар – «КР айымдары STEM’де» (Women of KR in STEM) тармагынын мүчөлөрү, ошондой эле тармакка кошулууну каалаган кыз-келиндер, табигый – илимий, технологиялык жана инженердик адистиктеги адистер жана студенттер.

Тили: орус

Телефон: 0708743407 (Усупкожоева А., долбоордун координатору), 0555821504 (Маражаббай кызы Асель, долбоордун ассистенти)



20-апрель - «Лига Ынтымактуу Конуштар» Спартакиадасынын ачылышы

Качан: 20-апрелде саат 10.00дө

Кайда: Бакай-Ата турак-жай конушу

Иш-чаранын максаты – спорттук оюндар аркылуу тынчтыкты жана ынтымакты алга илгерилетүү боюнча жаштар демилгелерин колдоо. 10 пилоттук: Ак-Ордо, Ак-Бата, Калыс-Ордо, Бакай-Ата, Рухий-Мурас, Мурас-Ордо, Көлмө, Жеңиш, Эне-Сай, Актилек турак-жай конуштарынын бардык тургундары катышуучулар болуп саналат.

Тили: кыргыз

Телефон: 0559737373 (Абдыраимакунова Ч.Т., долбоордун координатор-мобилизатору), 0700321100 (Кийизбаева Н.К., долбоордун коомчулук менен байланыштар боюнча адиси)



Апрель – Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени

Кайда:  Бишкек шаарынын мектептери

«Жаш бишкектиктин эко-эрежелери» темасына интерактивдүү лекция-презентация, командалык оюндар, «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун социалдык эко-роликтерин жана 6-7-8 класстардын окуучулары үчүн «Адам жана таштанды» мультфильмин көрсөтүү.

Тили: кыргыз/орус

Телефон: 0555 151851 (Данияр Сүйүндүк уулу, программалык адис)



Апрель - "ТазаБИШ" экологиялык акциясы

Датасы жана убактысы кошумча билдирилет.

Бишкек шаарынын булганган жерлерин таштандылардан жана турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан тазалоо. Жазгы "ТазаБИШ" акциясы.

Телефон: 0555 151851 (Данияр Сүйүндүк уулу, программалык адис)