Бишкекте улуттук жана жергиликтүү деңгээлде азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелери боюнча конференция өттү

March 31, 2019, 06:00

2019-жылдын 26-мартында Бишкек шаарынын «Достук» отелинде БУУ ФАОнун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ кол койгон «Кыргыз Республикасында улуттук жана жергиликтүү деңгээлде азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелери боюнча маалымдар болууну арттыруу» долбоорунун алкагында Улуттук жыйынтык конференция болуп өттү.

 

Улуттук жыйынтык конференциясынын максаты – макулдашуунун алкагында жыйынтыктарды чыгаруу жана иштин жетишилген өзөктүү натыйжаларын чагылдыруу. Ошондой эле конференциянын жыйынтыктары боюнча ФАОнун ыкмасын эске алуу менен тамак-ашты жакшыртуу боюнча сунуштамалар берилди жана салттуу кулинардык билимдерди даңазалаган кулинардык китептин презентациясы өттү.

 

Конференцияга Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Динара Рахманова, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Догдургуль Кендирбаева, ошондой эле Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык ден соолукту чыңдоо боюнча борбордун өкүлдөрү, каскаддык тренингдин катышуучулары, туура тамактануу боюнча семинар-тренингдин машыктыруучусу, «Манас» КТУнун «Ресторандык иш жана кулинария өнөрү» бөлүмүнүн башчысы Н.Кыдыралиев катышты.

 

Саламдашуу сөздөрүнөн кийин БУУ ФАОнун улуттук координатору М.Тыналиев «Кавказдын жана Борбордук Азиянын бир катар өлкөлөрүндө азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо жана тамак-ашты жакшыртуу боюнча потенциалды арттыруу» долбоорун презентациялады.

 

Өз кезегинде, Д.Кендирбаева «Кыргыз Республикасында улуттук жана жергиликтүү деңгээлде азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун маселелери боюнча маалымдар болууну арттыруу» Макулдашуусунун жыйынтыктары жөнүндө айтып берди. Андан соң Н.Кыдыралиев туура тамактануу боюнча машыктыруучу катары өз ишинин жыйынтыктарын презентациялады.