Роза Отунбаева: Санариптештирүү жагынан өтө олуттуу иш жүргүзүү керек

March 31, 2019, 06:00

КР экс-президенти Роза Отунбаева менен бул интервью 2019-жылдын 25-мартында  Бешинчи каналдын эфирине чыккан. Санариптештирүү азыркы коомдордун бардык тармактарына кирди, Кыргызстанда болсо чиновниктер жаңыдан гана кыймылдап жатат дейт Роза Исаковна. Онлайн-режимде өлкөнүн калкынын 5%ы гана, ал эми дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө 90%дан ашыгы төлөмдөрдү жүргүзүп жатат. Финансылык жол-жоболордун ачыктыгын арттыруу үчүн өкмөт ушул жагынан иш жүргүзүүгө тийиш, кеңири агартуу ишин жүргүзүү керек.

 

Кыргызстан ошондой эле маалыматтардын ачыктыгы жагынан өтө артта, бул жагынан биз али – жабык өлкөбүз. Мектептердин 1 млн 200 миң окуучусуна информатиканын болгону бир миң окутуучусу туура келет. Дүйнөдө бардыгы кадрлар үчүн, алдыңкы акыл-эс үчүн күрөшөт, биз болсо, өзгөчө региондордо али да эскиче жашап жатабыз.